Бишкекке Осмон падышасы Фатих Султан Мехметтин айкелин тургузуш керек

Темирлан Сарлыкбек уулунун айтымында, эки эл бири биринин баатырларын барктап, тарыхына, маданиятына жана орток баалуулуктарына маани бергенде гана ынтымак, биримдик бекемделет.

Бишкекке Осмон падышасы Фатих Султан Мехметтин айкелин тургузуш керек

Түркиянын Стамбул шаарында тургузулган Манас айкелинин демилгечиси жана демөөрчүсү Темирлан Сарлыкбек уулу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго жана Стамбул шаарынын мэри Кадир Топбашка, Кыргызстанда Стамбул шаарын багындырган Осмон империясынын падышасы Фатих Султан Мехмет хандын айкелин биргелешип тургузуу сунушун айтты. Темирлан Сарлыкбек уулунун айтымында, эки эл бири биринин баатырларын барктап, тарыхына, маданиятына жана орток баалуулуктарына маани бергенде гана ынтымак, биримдик бекемделет. Бул сунушка жылуу караганын Кадир Топбаш мырза да билдирди.



Тектеш кабарлар