Стамбулга Манастын айкели тургузулду

Айкелдин ачылышына КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков баштаган бир канча министрлер катышат.

Стамбулга Манастын айкели тургузулду

Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Халич аймагындагы Сүтлүже паркына "Манастын" айкели орнотулду.

Айкелди ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу өзүнүн демилгеси жана каржылоосу менен жасатып, койдуртту.

Буга чейин Сүтлүже паркынан Стамбул мэриясы атайын жер бөлүп берген.

Манас баатырдын айкелин Токталы Мурзакаримов, Садабек Ажиев, Сейитбек Калбаев жана башкалар жасаган.

Сарлыкбек уулу баатырдын келбетин иштеп чыгууда жардам бергендер — кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев, академик Абдылдажан Акматалиев, илимдин доктору Аскар Медетов, манасчылар Рыспай Исаков, Улан Исмаилов, Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Ибрагим Жунусов жана Саякбай Манасчы коомдук фондуна жана айкелди орнотууда жардам берген бардык тараптарга ыраазычылыгын билдирди.

Түркиядагы "Кыргызстан достук жана маданият коомунун" мурдагы төрагасы, ишкер Айбек Сарыгулов маалымдагандай, айкелдин ачылышы эртең 9-августта болуп, ага Кыргызстан тараптан КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков баштаган бир канча министрлер катышат. Ал эми Түркия тараптан маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш катышат.

Сүтлүже паркында 1458-жылы курулган Эйүп Султан мечити, Миниатүрк музейи жана башка көптөгөн Түркиянын тарыхый имараттары жайгашкан. Парк Стамбулдун Европа тарабында орун алган.

 

 



Тектеш кабарлар