Евразияда транспортту жеңилдетүүчү долбоорлор жана Түркия

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-31

Евразияда транспортту жеңилдетүүчү долбоорлор жана Түркия

Евразияда транспортту жеңилдетүүчү долбоорлор жана Түркия

Евразия аймагында транспортту жеңилдетүүгө карай көп сандаган ири долбоорлор бар. Биз да бул жумадагы программабызда Евразияда транспортту жеңилдетүүчү долбоорлорду, Түркиянын бул долбоорлорго салымдарын жана аймакка таасирлерин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Акыркы жылдарда  дүйнөдөгү экономикалык өсүүнүн басымдуулугу бытыштан чыгышка жылып баратат. Ушунун негизинде Евразия аймагынын мааниси дагы да артууда. Евразия аймагына карай транспорт жана кызматташтыкты күчтөндүрүүнү максаттаган көптөгөн долбоорлор бар. Бул долбоорлор өзгөчө инфраструктура, энергетика жана транспорт тармактарына багытталууда. Европа Биримдиги, АКШ, Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу актерлор да ушул алкакта стратегияларын өнүктүрүүдө. Европа Биримдиги үчүн болсо бул долбоорлордун дагы бир өзгөлүгү бар. Европа Биримдиги, Орусияга альтернативалык транспорт тармактарын издеп жатат жана Орусияга болгон энергетикалык көз карандылыгын азайтууга аракет кылууда. Ушул алкакта Европа Биримдиги жаңылануучу энергетикалык шыктандыруучу программаларды баштатты. Борбордук Азия өлкөлөрү менен карым-катнаштарын өнүктүрүү үчүн кадамдарды таштады.

Буга багытталган «Жибек жолу экономикалык алкагы» жана «21-кылымдын Деңиз жибек жолу» демилгелери эки маанилүү дүйнөлүк долбоор болуп саналат. Бул долбоорлор Азия менен Европанын базар экономикаларын бири-бирине байланыштырууну максаттоодо. Ушул максаттын негизинде Түркия да мүчөсү болгон Жибек жолу банкы жана Азиянын Инфраструктуралык инвестиция банкы түзүлдү. Ушундайча аймак өлкөлөрү жана аймакта активдүү ролду милдеттенүүнү каалаган актерлор камсыздаган каржылык булактардын бир чатырдын астында чогулуусу максатталууда.

Түркия бул долбоорлор үчүн стратегиялык жерде жайгашкан. Ошондой эле Түркия бул долбоорлорду колдой турганын билдирди жана буга ылайык долбоорлорду иштеп чыкты. Бул долбоорлордон эң активдүү жана маанилүү болгондору Евразия коридору, Баку-Тбилиси-Карс темир жолу, Мармарай жана Жибек Жолу ортоңку коридору. Бул долбоорлор бир гана Түркия же Азия үчүн эмес, Европа үчүн да маанилүү. Мисал үчүн Баку-Тбилиси-Карс темир жолу жана Мармарай менен бирге Кытайдан Англияга чейин үзгүлтүксүз транспорт камсыздалат. Баку-Тбилиси-Карс темир жолу өткөн күндөрдө биринчи жүргүнчү каттамын ишке ашырды. Баку-Тбилиси-Карс эл аралык жолунда биринчи каттамдын сентябрь айында башталуусу пландалууда. Учурда уланып жаткан Баку-Тбилиси-Эрзурум газ кууру жана Баку-Тбилиси-Жейхан мунай зат кууру да Түркиянын чечүүчү ролун көрсөтүүдө. 

Баку-Тбилиси-Карстын дагы бир максаты да аймакта жаңы энергетикалык коридор түзүү. Азербайжандын мунай заттарынын ушул жол аркылуу бүткүл дүйнөгө жеткирилиши көздөлүүдө. Буга кошумча түрдө Түркия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы транспорттук тыгынды да жеңилдетет. Баку-Тбилиси-Карс темир жолу Евразиядагы экономикалык байланыштарды дагы да күчтөндүрөт. Баку-Тбилиси-Карс бир гана темир жол долбоору эмес, тарыхый жибек жолду кайрадан жандандырып, аймак өлкөлөрү менен экономикалык, социалдык жана маданий карым-катнаштарды бекемдөөчү долбоор болуп саналат. Баку-Тбилиси-Карс менен Европа жана Түркия-Грузия-Азербайжан аркылуу Борбордук Азия жана Ыраакы Чыгыштын ортосунда темир жол менен үзгүлтүксүз жүк жана жүргүнчү каттамы камсыздалат. Ушундайча темир жол транспорту алып келе турган ишенимдүү жана экономикалык транспорт модели, Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн соода көлөмдөрүн арттыруусуна салым кошот.

Бул долбоорлордун бардыгын иликтеп чыкканыбызда айрым коркунучтар жана мүмкүнчүлүктөр да чыгууда. Ооганстандагы ыраатсыздык, бажы ишке ашыруулары жана ыңгайлаштырылышы, Каспий деңизинин мыйзамдык статус көйгөйү булар алдыңкы маселелерден болот. Учурда аймактагы техникалык жана укуктук базис толук бүтүндөшүүнү көтөрө алгыс абалда. Түркия укуктук базис маселесине чечүүчү жол табылышы үчүн 2009-жылы Бакуда бажы иштери боюнча өткөрүлгөн жыйында «Кербенсарай долбоорун» сунуштады. Бул сунушка оң көз карашта болушту. «Кербенсарай долбоору» бажы эрежелерин жеңилдетүүчү иштерге колдоо көрсөтүүнү максаттоодо. Бул добоор учурда пилоттук ишке ашыруу баскычында. Аты аталган демилгелердин ийгиликтүү болушу аймактык өнүгүүгө колдоо көрсөтөт. Аймак өлкөлөрү экономикалык тармакта кызматташтыкты бекемдеп, соода көлөмдөрүн арттыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Узак мөөнөткө Европа менен Азиянын ортосуна ар тараптуу экономикалык байланыштар өнүгөт.

Дүйнөдөгү жаңы өнүгүүлөр менен бирге Евразия, дүйнөлүк саясатта жана экономикада барган сайын үстөмдүгүн көрсөтүүдө. Ушундан улам Евразия өлкөлөрүнүн аймактык демилгелери жана аймактык механизмдеринин түзүлүүсү өтө маанилүү жагдайлар. Түркия бул багытта жеңилдетүүчү жана байланыштыруучу ролун милдеттенүүдө. Түркия күчтүү порттук инфраструктурасы менен деңиз жолунан жетүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүккө эгедер. Аны менен кошо өзгөчө темир жол жана тылдык тармагын күчтөндүрүүгө карай уланган долбоорлорун ылдам бүтүрүүсү керек. Түркия бул долбоорлор аркылуу Кытай, Орусия сыяктуу өлкөлөр менен болгон өнүккөн экономикалык байланыштарын бекемдейт. Бирок экинчи жактан бул долбоорлордун Түрк дүйнөсү үчүн да чоң мааниси бар. Анткени бул долбоорлор аркылуу Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу Түрк тилдүү мамлекеттер бири-бирилери менен өз ара байланыштарын жогорку деңгээлдерге жеткире алышат.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар