Азербайжан армиясы даяр турат

Азербайжан Тоолуу Карабах аймагында болгон чыңалуудан улам армиянын даяр экендигин билдирди.

766709
Азербайжан армиясы даяр турат

Азербайжан  - Армения ок атышпоолор жолунда чыңалуу күч алууда.

Азербайжан армиясы аймактагы жарандык жоготуулардан кийин кол салууга даяр турган Армения бөлүктөрүн атты. Азербайжан коргоо министрлиги ок атышпоо жолунун Фузули  - Хожавент багытында кол салууга даяр турган армян бөлүктөрүнүн атылгандыгын жарыялады. Ок атылган жерлерге жүргүзүлгөн операцияда көп сандаган армян аскердин каза болгондугу, аскердик унаа жана комплекстин да жардырылгандыгы белгиленди. 

Ошол эле учурда Азербайжан Тоолуу Карабах аймагында болуп жаткан чыңалуудан улам армиянын даярданууга өткөндүгүн билдирди. 

Азербайжан коргоо министрлиги бул тууралуу берген маалыматында : «Душмандын азербайжандык жарандарга жана куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерине каршы жасалган кыймылды алдына алуу, өзгөчө ок атылган жерлерге жооп берүү максатында армиянын бөлүктөрү даяр турат»,- деп айтылды.

Маалыматта душман ок аткан жерлердин аткылангандыгы жана душмандын жоготууга учурагандыгы билдирилди.

Тоолуу Карабахта Армения менен Азербайжандын ортосунда 2016 -  жылы апрель айындагы чыңалуудан кийин Орусиянын жол башчылыгында ок атышпоолорго кол коюлган. Тараптар аймактагы эреже бузуулар тууралуу бири бирин күнөлөөнү улантууда.

 



Тектеш кабарлар