Анкарада Кыргызстан кечи өттү

Анкаранын Кечиөрен муниципалитетиндеги Эл аралык Рамазан иш-чараларынын алкагында Кыргызстан кечи өзгөчө шаңдуу өттү.

RAMAZAN_ETKINLIGI_KECIOREN_KG2.jpg
RAMAZAN_ETKINLIGI_KECIOREN_KG3.jpg
RAMAZAN_ETKINLIGI_KECIOREN_KG4.jpg
RAMAZAN_ETKINLIGI_KECIOREN_KG5.jpg

Анкаранын Кечиөрен муниципалитети тарабынан быйыл сегизинчиси өткөрүлгөн Эл аралык Рамазан иш-чараларынын алкагында Кыргызстан кечи өзгөчө шаңдуу өттү.

Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Мустафа Актын кожоюндугунда Калаба шаардык аянтында Кыргызстан маданият үйүнүн ачылышы менен башталган кечеге Түркия-Кыргызстан Парламенттер аралык достук тобунун баш катчысы жана АК Партиянын Ризеден эл өкүлү Хасан Карал, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, проф.Ибрагим Жунусов, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев, Кыргызстандын Түркиядагы ардактуу консулу Мустафа Курт, парламенттин мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары жана атуулдар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Толгонай Эне» боз үй ордо коомдук уюмдун жетекчиси Абдыбекова Дамира, кубанычы койнуна батпай Кыргызстан маданият үйүн толтурган кол өнөрчүлүк буюмдарын байма бай таанытып жатты.

Андан соң концерттик программа башталды.

«Биз бүгүн Ата-Журтубуз Кыргызстандабыз»,-деп сөзүн баштаган Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Мустафа Ак: «Адриятикадан Кытай сепилине чейин созулган көңүл аймагыбызда бүгүн Кыргызстанды коноктойбуз. Ысык-Көлдүн жээгинен Чынгыз Айтматовдун жергесинен келген конокторубуз кош келипсиздер....Айрыкча Ыйык Рамазандын акыркы 10 күнүнө кирдик, акыры тозоктун торунан кутулуу болгон бул ыйык айда бүтүндөй Ислам дүйнөсү үчүн дуба кылалы»,-деди.

Түркия-Кыргызстан Парламенттер аралык достук тобунун баш катчысы жана АК Партиянын Ризеден эл өкүлү Хасан Карал, тууган эле эмес бир коом болгонубузга көңүл буруп, «Сиздер илгеркилер айткандай күлүбүздү сапырып, ата очогубузду кайтарып турасыздар. Көз карандысыздыкка ээ болушуңуз бизди канчалык кубандырса, өнүккөн өлкөлөрдүн арасына киришиңиз да бизди ошончолук кубандырат, ар дайым сиздерди колдойбуз...Кыяматка чейин колдошуубуз түбөлүк уланат»,-деди.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, проф.Ибрагим Жунусов болсо түрктөр менен кыргыздардын түбү бир экенине токтолуп, кээ бирөөлөр тышкы көрүнүшүбүз эмнеге окшобойт дегендерге мындай мисалдары бере кетти: «Түрктөр Орто Азиядан чыгып кетишкенде качан кайра кездешебиз деп көздөрүн ачып карашып, көздөрү бакыракай болуп калыптыр. Ал эми кыргыздар болсо түрк туугандарыбыз качан келишет болду экен деп көзүбүздү кысып карап атып, бүтүк болуп калыптырбыз. Ошон үчүн көздөрүбүз башкача болуп калыптыр. Бирок азрети Мевлананын жакшы бир сөзү бар. «Адамды кооз кылган анын жүзү эмес, анын көзү да эмес, аны кооз кылган анын сүйлөп аткан сөзү болуп саналат. Анткени сүйлөнгөн сөз адамдын жүрөгүнөн чыгат». Кыргыздар менен түрктөрдүн тарыхы бир, тили бир, дини бир, соода кылганы барсак базарыбыз бир, өлсөк мазарыбыз бир. Эмнеге мазарыбыз бир десеңиз? Анткени кыргыздар менен түрктөрдүн Аллахы да бир».

Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев: «Кыргызстандан, Ысык-Көл облусунун борбору Караколдон ысык салам алып келдик.  Түрк эли менен кыргыз эли бир тууган эл. Ушул ыйык Рамазан айында Караколдун өнөрпоздору сиздерге атайын чакан концертин даярдап, сиздер үчүн келишти. Кыргыз-түрк достугун мындан ары өнүктүрүү үчүн Кечиөрен муниципалитети менен Каракол шаарынын мэриясынын ортосунда өткөн жылы кызматташтык келишими түзүлүп, өз ара жардамдашуу, өнөрпоздорду эки элге тааныштыруу боюнча жакшынакай иштер жүрүп жатат. Буга да бүгүнкү кеч үлгү боло алат. Кыргыз түрк элдеринин ортосундагы туугандык, достук карым-катнаштары мындан ары да өнүгө беришин каалайм. Орозоңор кабыл болсун!»,-деди.

Дүйнө жүзүнүн эң узун эпосу болуп саналган «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен башталган концерттик программада «Ак ниет» бийчилер тобу өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийинишип бийлеген бийлери менен көздүн жоосун алышты.  Өзгөчө сөзү жана музыкасы проф. Ибрагим Жунусовго таандык «Кызыл Алма» ырын аткарган Жумагүл Райымжан кызы үчүн калың эл катуу кол чаап жатышты. Ошондой эле комузун ойнотуп, чопо чоорун, сыбызгысын сыздата черткен Нарынбек Өмүрзаков мырза тартуулаган өнөрлөрү менен элдин көңүл чордонунан орун алды.

Андан соң белектер тапшырылып, түрк жана кыргыз желектеринин коштоосунда сүрөткө түшүлүп ал кечтеги иш-чара аяктады.

 



Тектеш кабарлар