Кыргыз өкмөтү Түркиянын фирмаларын инвестиция салууга чакырды

Кыргызстандын майда гидроэлектрдик станциялар коомунун төрайымы Эльвира Боромбаева, Кыргызстандын инфраструктуралык долбоорлоруна инвестиция салган фирмаларга муктаждыгы болгонун белгиледи.

Кыргыз өкмөтү Түркиянын фирмаларын инвестиция салууга чакырды

 Кыргызстан, Түркиянын фирмаларын өлкөнүн энергетика секторуна инвестиция салууга чакырды.

Кыргызстандын майда гидроэлектрдик станциялар коомунун төрайымы Эльвира Боромбаева, Кыргызстандын инфраструктуралык долбоорлоруна инвестиция салган фирмаларга муктаждыгы болгонун белгилеп, өкмөттүн ири энергия долбоорлорунун ордуна дагы кичине ГЭСтерди салууну тандаганын айтты.

Өлкөдө ГЭС менен катар күн жана шамал энергиясы сыяктуу жаңылана алган энергия булактарына инвестиция салына ала турганын баса белгилеген Боромбаева, Кыргыз өкмөтүнүн бул тармактарга инвестиция сала турган жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго мыйзамдык бир канча жеңилдиктери сунуштала турганын айтты.

Кыргызстандын көз карандысыздыгын жарыялашынан кийин өлкөгө Түркиядан инвесторлор келгенин айткан Боромбаева, буларга токтолду: «Кыргызстанда экономиканын бардык тармактарында түрк ишкерлери ишин жүргүзүүдө. Дүйнөдө өз тармагында биринчи орунда турган түрк фирмалары бар. Кыргызстандын инфраструктура долбоорлоруна инвестиция салган фирмаларга муктаждыгы бар. Түрк фирмалары соодабызды жана өнөр жайыбызды өнүктүрүүдө. Эми болсо энергетика сенкторубузга киришсе, энергетика базарыбыз да жандана алат. Түрк фирмалары бул секторго кол кабыш кылса ылдам өнүгүү башталат. Эки өлкөнүн ортосундагы жарым миллиард доллардык соода көлөмүн ушундайча арттыра алабыз».



Тектеш кабарлар