Казакстан латын алфавитинде Түркияны үлгү кылып алат

Түштүк Казакстан аймагынын губернатору Жансейит Түймебаев өлкөсүнүн латын алфавитине өтүүсүндө Түркиядан үлгү аларын айтты.

Казакстан латын алфавитинде Түркияны үлгү кылып алат

Түштүк Казакстан аймагынын губернатору Жансейит Түймебаев өлкөсүнүн латын алфавитине өтүүсүндө Түркиядан үлгү аларын айтты.

Губернатор Жансейит Түймебаев Борбордук байланыш кызматтарынын имаратында Түштүк Казакстан аймагынын социалдык  - экономикалык абалына байланыштуу өткөргөн пресс – жыйында Казакстандын латын тамгасына өтүшүнө байланыштуу берилген суроого : «Биз латын алфавитине өтпөйбүз, латын алфавитине кайтып жатабыз»,- деди.

Бардык түрк  мамлекеттеринин 1929 – 1940 -  жылдары латын алфавитин колднушкандарын эске салган Түймебаев Түркия жана Казакстандын ошол эле мезгилде латын алфавитин колдоно баштагандыгын, бирок советтик лидер Жосеф Сталиндин бир күндүн ичинде алфавитти кириллицага алмаштыргандыгын айтты. Түймебаев : «1928 -  жылдан бери латын алфавитин колдонгон Түркияны жана түркчөнү үлгү кылып алабыз. Түркиянын алфавитти ийгиликтүү колдонгондугун жана эч бир кыйынчылык тартпагандыгын билебиз. Биз үчүн да кыйын болбойт»,- деди. Түймебаев жыйында Анадолу агенттигинин кабарчысынын түрк ишкерлеринин Түштүк Казакстандагы инвестицияларына байланыштуу берилген суроосуна Түркиянын ылдам өнүгүп жаткан өлкө экендигин жана азыркы учурда Түркияда 100 миңдеген чоң фирманын иш алып баргандыгын белгиледи. Андан мурда Казакстандын Анкара элчилиги кызматын аткаргандыгын эске салган Түймебаев : «Түрк фирмаларын өлкөбүзгө чакырамын. Өлкөбүздө иш форумдарын өткөрүүдөбүз. Биринчи форумга 100 түрк ишкер катышты. 15 – 20 кишилик топтор менен  аймагыбызга келип инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн изилдешүүдө»,- деди.

Түймебаев инвестиция үчүн бардык мыйзамдуу кадамдардын ташталгандыгын жана түрк ишкерлеринин аймакта активдүү түрдө иш алып баргандыгын айтты. Түштүк Казакстанда түрк ишкерлеринин курулуш, курулуш материалдарын өндүрүү жана теплица тармактарында активдүү иштешкендерин айткан Түймебаев аймакта 10дон ашуун түрк фирмасынын иштегендигин маалымдады.



Тектеш кабарлар