Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын "Коркут Ата" спектакли Түркиянын Мерсин шаарында коюлду

Түркиянын Мерсин шаарында башталган Түрк дүйнөсүнүн 3-Эл аралык театр фестивалына Кыргызстандан Кыргыз улуттук академиялык «Токтоболот Абдымомунов» атындагы драма театрынын «Коркут Ата» спектакли катышты.

3.TURK DUNYASI TIYATRO GUNLERI MERSIN1.jpg
3.TURK DUNYASI TIYATRO GUNLERI MERSIN3.jpg

15-Майда Түркиянын Мерсин шаарында башталган Түрк дүйнөсүнүн 3-Эл аралык театр фестивалына Кыргызстандан Кыргыз улуттук академиялык «Токтоболот Абдымомунов» атындагы драма театрынын «Коркут Ата» спектакли катышты.

Мерсин шаарынын Конгресс жана көргөзмө борборунда өткөн ачылышка Мерсин шаарынын мэри Бурханеттин Кожамаз, губернатордун орун басары Сүлейман Дениз, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүсен Касеинов, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу  өкүлү Кожогелди Кулуев, ТҮРКАВдын Мерсин кеңсесинин жетекчиси Мутсафа Текерек, КТРКнын башкы директорунун орун басары, оюн тобунун жетекчиси, драманын автору Кайрат Иманалиев менен ар кайсы өлкөлөрдөн фестивалга келген чеберлер жана калың эл катышты.

Башка өлкөлөрдөн келген искусство чеберлери менен таанышуу жыйналышынан мурда театр топторунун өкүлдөрү жана актерлор шаардын ичиндеги чоң көчөдө жүрүшкө чыгып элдин назарын бурду. Мерсин калкы да Кыргызстандан келген искусство чеберлеринин кийген кийимдерине абдан кызыгып байма бай сүрөткө түшүп жатышты.

Ал топ Республика аянтына барып Ататүрккө таазим кылып, Улуттук гимн ойнолгон соң эстеликке гүлчамбар койду. Андан соң таанышуу жыйналышында өтүлдү.

Мерсин шаарынын мэри Бурханеттин Кожамаз: «Түрк тарыхында абдан маанилүү орду болгон «Коркут Ата» тууралуу ушундай спектаклдин Мерсинде көрсөтүлүп жатканына абдан кубандым. Бир жума бою Кыргызстан, Сирия, Гагаузия, Кипр, Ирак жана Ирандан келген чеберлер өздөрүнүн чыгармаларын Мерсин калкына тартуулашат. Түрк маданиятын кийинки урпактарга жеткирүү жана Түрк дүйнөсүнүн театрларын Мерсин калкы менен тааныштыруу үчүн ушундай иш-чараны уюштурдук.Бул иш-чаранын алгачкы экөөнү Тарсуста өткөрдүк. Үчүнчүсүн Мерсинде өткөрүп жатабыз. Бардык топторго ийгилик каалайм»,-деди.

Андан соң ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүсен Касеинов сөз алып, шаар башчысы Бурханеттин Кожамазга иш-чара өткөрүүгө салым кошкондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов болсо ушундай иш-чарага катышып жаткандыгы үчүн кубанычта экенин билдирип, искусство чеберлерине ийгилик каалады.

Кыргыз улуттук академиялык «Токтоболот Абдымомунов» атындагы драма театрынын тобун жетектеп келген, КТРКнын башкы директорунун орун басары, драманын автору Кайрат Иманалиев: «Ак карлуу Ала Тоодон Анадолуга чоң кубаныч менен келдик. Мерсин шаарына келгенде өз жерибизге келгендей эле сезимде болдук. Түрк дүйнөсүнүн руханий баалуулуктарынын бири «Коркут Ата» спектаклин ушул жерге келип коюп жатканыбыз үчүн абдан кубанычтабыз. Сиздерге Ала-Тоодон эскерме ала келдик»,- деп улуттук чапан калпакты шаардын мэрине кийгизди.

Андан соң спектакл коюлуп зал жык жыйма толду. «Коркут Ата» спектакли Мерсин калкынын көңүл чордонунан орун алды.



Тектеш кабарлар