Сирия сүйлөшүүлөрүнүн Астанадагы экинчи айлампасы бул айдын ортолорунда өткөрүлөт

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдракманов Сирия сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасынын бул айдын ортолорунда борбор шаар Астанада өткөрүлөрүн айтты

667278
Сирия сүйлөшүүлөрүнүн Астанадагы экинчи айлампасы бул айдын ортолорунда өткөрүлөт

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдракманов Сирия сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасынын бул айдын ортолорунда борбор шаар Астанада өткөрүлөрүн айтты.

Астана сүйлөшүүлөрүнө катышкан орус делегациясынын башчысы генерал – майро Станислав Гаджимагомедов болсо сүйлөшүүлөрдүн 15 – 16 -  февралда өткөрүлүшүнүн пландалып жаткандыгын билдирди.

Казакстандын борбор шаары Астанада Орусия, Иран, Түркия жана БУУнан өкүлдөрдүн катышуусу менен кечээ техникалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Январь айында Астанада башталган сүйлөшүүлөрдө Сириядагы ок атышпоолордун байкоого алынышы максатында Түркия, Орусия жана Иран тарабынан үч тараптуу механимздин курулушуна чечим чыгарылган.

БУУнун жол башчылыгындагы Сирия сүйлөшүүлөрүнүн 20 -  февралда Швейцариянын Женева шаарында улантылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар