Казакстандын көз карандысыздыгынын 25 - жылы
Казакстандын көз карандысыздыгынын 25 - жылы Мугла Сыткы Кочман Университетинде маданий иш чаралар менен белгиленди
Мугла Сыткы Кочман Университети шейит полиция Яшар Өзлем амфитеатрында адабият факультетинин азыркы түрк тилдери жана адабияттары бөлүмүнүн Түрк дүйнөсү театрынын группасы тарабынан уюштурулган иш чарада казак маданияты таанытылып, улуттук оюндар ойнолуп, ырлар ырдалды.
Иш – чарага университетте билим алып жаткан казакстандык студенттер менен жарандар жана мугалимдер катышты. Эки өлкөнүн гимндери аткарылгандан кийин башталган иш – чарада сөз сүйлөгөн доцент Экрем Аян Казакстан үчүн 16 - декабрдын өзгөчө күн экендигин айтты.
Аяндын сөзүнөн кийин түрк тили жана адабияты бөлүмүнүн доктора студенти Сенбек Утебеков 1986 - жылы көз карандысыздык үчүн күрөштө каза болгон Кайрат Рыскулбековдун жашагандарын аткарып берди.
Иш чарада казак студенттер улуттук кийимдери менен маданиятын, музыкаларын жана бийлерин таанытышты. Программада студенттер Түркияда «көстек кесме», казактарда болсо «тусав кесер» деп аталган салтты сахнада аткарышты. Программанын акырында студенттер казактардын «Ата мекен» аттуу ырын чогуу аткарышты.