Евразияга сереп салуу-40

Беларусь менен Орусиядагы парламенттик шайлоолор

583556
Евразияга сереп салуу-40

 «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Беларусь менен Орусиядагы парламенттик шайлоолор жөнүндө сөз кылабыз.

11-сентябрда Беларуста парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Өлкөнүн жалпысында 6 миң 18 шайлоо участкасында добуш берилди. 110 орундуу Өкүлдөр палатасы үчүн 484 талапкер ат салышты. Беларустагы шайлоого Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен 333, Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунан 341, Европанын Парламенттик Ассамблеясынан 39, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынан 19, Шанхай Кызматташтык Уюмунан 9 эл аралык байкоочу көз салышты.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошина маалымат жыйынында, шайлоолорго катталган шайлоочунун 74,8 пайызынын катышкандыгын билдирди. Өлкөнүн жалпысында 5 миллион 212 миң 745 кишинин өз добушун бергендигин айткан Ермошина, шайлоонун жыйынтыгында парламенттеги 110 орундун өз ээлерин тапкандыгын сөз кылды. Либерел-демократиялык партия 1, Беларусь патриоттук партия 3, Бирдиктүү жарандык партия 1, Республикачыл Эмгек жана адилет партиясы 3, Коммунисттик партия 8 эл өкүлү менен парламентте өкүлдүк кылат. Берки эл өкүлдөрү көз карандысыз эл өкүлү катары кызмат кылышат.

Дагы бир парламенттик шайлоо болсо бир жумадан кийин б.а 18-сентябрда Орусиянын Думасы үчүн өткөрүлдү. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын көрсөткүчтөрүнө караганда, өлкөнүн жалпысында 109 миллион 737 миң шайлоочунун 95 миңден ашууну өз добушун берди. Дума шайлоосуна катышуу 47,8 пайыз болду.

Орусиянын Борбордук шайлоо комитетинин жыйынтыктарына караганда, Бирдиктүү Орусия 54,28 пайыз, коммунисттик партия 13,45 пайыз, либерал-демократиялык партиясы 13,24 пайыз жана Адилеттүү Орусия 6,7 пайыздык добушка ээ болду. Берки партиялар 5 пайыздык чектен өтө алган жок. 2011-жылдагы акыркы шайлоодо Бирдиктүү Орусия 49,3 пайыз, коммунисттик партия 19,9 пайыз, Адилеттүү Орусия партиясы 13,2 пайыз, либерал-демократиялык партиясы 11,6 пайыздык добушка ээ болгон. Ошондой эле Думага 1 көз карандысыз талапкер жана тар аймактан шайланган 2 талапкер кире алды. Ушундайча Бирдиктүү Орусия 450 орундуу Думада 343 мандат.

Быйыл шайлоо системасындагы өзгөрүүлөрдөн улам Думадагы 450 орундун жарымы партиялардын добуштарына жараша, берки жарымы болсо тар аймак системасы менен эң көп добушту алган талапкерлерге карата белгиленди. Тар аймак шайлоолорунда 225 аймактын 203үн Бирдиктүү Орусиянын талапкерлери жеңди. Шайлоолорго катышуунун төмөн болушу жана быйыл жаңы шайлоо системасына өтүшү, Бирдиктүү Орусияга Дума шайлоорундагы эң чоң жеңишти алып келди.

Орусияда 4-декабрда өткөрүлүшү пландалган шайлоо алдыга жылдырылып 18-сентябрда өткөрүлүшү, шайлоого катышуунун төмөн болушундагы негизги себептердин бири катары көрсөтүлүүдө. Айрымдарына караганда оппозициячылдар ийгиликтүү болооруна ишенгенбегендери үчүн шайлоого барган жок. Бул ирет Орусиядагы парламенттик шайлоодо шайлоонун чеги 7 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүлдү. Бирдиктүү Орусия партиясы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы менен конституциялык көпчүлүктү түзүп, 343 мандат алды. Крымдын башкы прокурору Наталья Поклонская жана Орусиянын мурдагы башкы дарыгери Геннадий Онищенко сыяктуу коомчулук жакшы тааныган көптөгөн адам Бирдиктүү Орусия партиясынан Думага эл өкүлү катары шайланды.

Беларуста өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо болсо Бирдиктүү жарандык партиядан Анна Конопацкая жана «Беларусь тили коому» аттуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Елена Ансим акыркы 20 жылда Өкүлдөр палатасына кире алган оппозициячыл эл өкүлдөрү болду. Бул абалга адистер тарабынан экономикалык кризистин себебинен кирешеси азайган жана Орусияга киргизилген эмбаргодон терс таасир алган Беларустун батыш менен алакаларын жумшартууну каалап жатышы деп сереп салынууда.

Орусия Федерациясы жана Беларусь Республикасында өткөрүлгөн парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарына карап бул өлкөлөрдөгү саясаттардын дал өзүндөй уланаарын айта алабыз.



Тектеш кабарлар