Азербайжанда референдум өткөрүлдү

Добуш берүүгө катышкандар шайлоочулардын 69,7 пайызын түздү.

577574
Азербайжанда референдум өткөрүлдү

 

Азербайжанда элдик добуш берүүдөн макул деген жыйынтык чыкты.

Конституциянын 29 беренсине өзгөртүү киргизүүнү көздөгөн элдик добуш берүүдө расмий болбогон жыйынтыктарга караганда элдин 86,6 пайызы макул деген добушун берди.

Азербайжандын Жогорку шайлоо комитетинин жарыясында референдумда 5 миллион 267 миң шайлоочудан 3 миллион 671 миңинин добуш бергени белгиленди.

Добуш берүүгө катышкандар шайлоочулардын 69,7 пайызын түздү.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен Азербайжан Республикасынын Президентинин биринчи орун басары жана жардамчылары кызматтарынын түзүлүшү, президенттин кызмат мөөнөтүнүн 5 жылдан 7 жылга чыгарылышы, президент болуп шайлануудагы жаш чектөөсүнүн «эң аз 35 жаш» деген беренесинин жоюлушу жана президентке мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыя кылуу ыйгарым укугунун берилишин көздөйт.



Тектеш кабарлар