Түрк элдеринин курултайы Түркиядагы демократияны колдойт

ФЕТӨ/ПДЙга токтолгон декларацияда бул уюмдун жалган окуулары орун алган өлкөлөрдө чоң коркунучтарды туудура тургандарына көңүл бурулду.

560842
Түрк элдеринин курултайы Түркиядагы демократияны колдойт

Түрк дүйнөсү Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршы жүргүзүлгөн демократиялык күрөштү колдойт.

Түрк элдеринин курултайы ТИКАнын салымдары менен Молдованын Гагауз (Гөкогуз) жери автономиялуу аймагында өткөрүлдү.

Түрк республикалары жана тектеш коомчулуктардан 32 өкүл катышкан Курултайда 15-июль төңкөрүш аракети жана Түркия-Орусия мамилелери каралды.

Декларацияда «Төңкөрүш аракети убагында мыкаачы мамлекет чыккынчыларына баатырдык менен каршы турган урматтуу Режеп Таййип Эрдоганды токтоосуз жана шартсыз колдогонубузду билдиребиз»,-делди.

ФЕТӨ/ПДЙга токтолгон декларацияда бул уюмдун жалган окуулары орун алган өлкөлөрдө чоң коркунучтарды туудура тургандарына көңүл бурулду.

Курултайга катышкан TürkBirDevдин төрагасы Махмут Орал, Түркия Республикасынын акыркы 15 жылда жетишкен ырааттуулук империалист күчтөрдү тынчсыздандырганына көңүл буруп: «Тилкке каршы мамлекеттин ичинде Түрк сыяктуу көрүнгөн олуттуу бир террор түзүмү пайда болуп 15-июлда козголоң кылды. Бирок Түркия Республикасынын күчү өзүн жетиштүү түрдө көрсөттү. Кыска мөөнөттө парасат жана чечкиндүүлүк менен бул маселени жеңип чыкты. Урматуу Президент жана учурдагы өкмөт абдан чечкиндүү жана акыл-эстүү ыкма менен маселени башкарууда. Муну бүткүл дүйнөнүн коомдук пикирине көрсөтүштү»,-деди.

Декларацияда Анкара-Москва жакындашуусуна да көңүл бурулуп: «Түркия менен Орусия баштаган, бүтүндөй аймак өлкөлөрүнүн жакындашуусун толук колдойбуз»,-делди.

 

 



Тектеш кабарлар