Евразияга сереп салуу-25

Борбордук Азиянын коопсуздугу жагынан диний тыюу салуулар

519378
Евразияга сереп салуу-25

Түркия үнү радиосунда даярдалган Евразияга сереп салуу программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Орто Азиядагы диний тыюу салуулардын коопсууздукка байланышын карайбыз.

Орто Азия аймагында жашаган калктардын көпчүлүгү мусулман болгонуна карабастан Рамазан айында дагы диний ибадаттарын орундатуу темасында көп сандаган кыйынчылыктарга дуушар болууда. Бийлик тарабынан элге кысым көрсөтүлүшүнүн эң маанилүү себеби катары өлкөнүн коопсуздугу көрсөтүлүүдө. Чындыгында өлкөнүн коопсуздугу үчүн жасалып жаткан диний чектөөлөр маселени турукту чечпейт.  Эң оболу темабызга байланыштуу аймакта акыркы убактарда болгон окуяларга көз жүгүртөлү.

Тажикстандын диний башкаруучулугу Рамазан айында тарава намазынын үйлөрдө 10 кишилик жамааттан ашпагыдай түрдө окулушуна уруксат берген. Тажикстандын Ислам борбору Улема кеңеши, жай айларында түн кыска жана адамдардын чаалыккан абалда болгонун себеп көрсөтүп, мечитттин имамдарына тарава намазын бир сааттын ичинде бүтүрүү буйругун берди.

Май айында Тажикстанда 5 имам, диний ашкере сөздөрдү сүйлөгөндөрү айтымдары менен күнөөлөнүп камоого алынды. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 4 айында түндүк Согд аймагынын Конибодом району менен катар биртоп түндүк райондорунда бардыгы 15 имам ушуга окшогон айтымдардын айынан камакка алынды. Тажикстандын түндүгүндө 100дөн ашуун мечит ар түрдүү себептер менен жабылды. Тажикстан чара көрүү максатында  Ооганстандын чек арасындагы аскерлеринин санын көбөйттү.

Тажикстанда тыюу салынган Исламий тирилиш партиясынын эки башкаруучусу болсо бийликке сокку уруу аракетин кылганы айыбы менен өмүр бою абак жазасына тартылды. 12 исламчыл оппозициячылга болсо 28 жылга чейин абак жазасы берилди.

Өзбекстандын Адам укуктары демилгеси тобу да өз жарыясында өлкөдө бийлик Рамазан айында мусулмандарга каршы террор саясатын дагы да арттырганын билдирди. Өзбекстанда бир канча жылдан бери кафетерия, ресторандарда ооз ачууга тыюу салынган. Ошондуктан өзбекстандык мусулмандар өткөн жылы мечиттерде тобу менен ооз ачууну сынап көргөн бирок бул демилгелерине да бийлик бут тоскон.

Өзбекстанда мусулман бала жана жаштардын мечиттерге барбоосу үчүн алар жашаган үйлөрдүн каалгаларына «балдарды жана жиндилерди мечитке киргизбегиле» деген жасалма хадис жазган панелдердин илине баштаганы жөнүндө кабарлар медиага жайылды. Өзбекстанда 17 жашка чейинкилерди мечитке киргизбөө мыйзамы көптөн бери күчүндө. Өзбекстандын өкмөт мүчөлөрү ушундай ишке ашыруулардын өлкөдөгү жаштардын ар башка дин агымдарына кошулуусуна бөгөт коюш үчүн жасалгандыгын жакташууда.

Кыргызстанда болсо Рамазан айында жума намазынын убагы талашка түштү. Жума намазынын убакыттары тууралуу мыйзам сунушу элди экиге бөлдү. Бул талаш-тартыш президент Алмазбек Атамбаевдин маселени колго алышы менен токтоду.

2015-жылы 26-ноябрда Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте теолог академик Кадыр Маликов кол салууга дуушар болду. Маликовго кол салгандар Сирияга бара жатканда кармалып, июнь айында өмүр бою эркинен ажыратылган.

Казакстандын Актөбө шаарында 6-июнда аскердик бөлүк менен курал-жарак сатылуучу дүкөнгө болгон кол салууда 19 киши каза тапты, ондон ашуун киши да жаракат алды. Кол салуудан көз жумгандардын 12си кол салгычтар, 6сы полиция жана бир кишинин да карапайым тургун экени билдирилди. Кол салууну «Казакстанды эркиндикке чыгаруу армиясы» деген ысымы биринчи жолу угулган уюм мойнуна алды. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Актөбө кол салуусуна байланыштуу: «Бул сырттан буйрук алган радикал исламчыл кишилер тарабынан жүргүзүлгөн террордук кыймыл. 2003-жылдан бери өлүм жазасы жок болсо да, кол салууну ишке ашыргандар өлүм жазасына тартылышы керек»,-деди. «Түркмөнстандын альтернативдүү кабары» аттуу маалымат сайтына караганда, Түркмөнстандын Ооганстан менен болгон чек арасындагы аскердик бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн 27 түркмөн аскердин сөөгү үй-бүлөлөрүнө берилди. Орусиянын коргоо министри коопсуздук кызматташуу темаларын сүйлөшүү үчүн июнь айынын башында Ашхабатка келди. Кытай Эл Республикасындагы уйгурлардын кандайдыр бир саякат үчүн кайрылууларында алардын жашаган жерине жакын жердеги коопсуздук пунктуна барып ДНК өрнөктөрүн, бармак издерин, үн жаздыруусун жана үч өлчөмдүү сүрөтүн тапшыруулары мажбур кылынды. Таиландга баш калкалаган жана 3 жылдан бери мыйзамсыз абакта жаткан 70 мусулман уйгур болсо үндөрүн угуза алыш үчүн ачарчылык баштагандарын жарыялашты.

Глобалдашкан дүйнөнүн бир бөлүгү болгон Борбордук Азия Евразия жана Африка аймагындагы террор окуяларынан таасир алып жатат. Аймакка террорду экспорттогусу келген топ жана кишилерге каршы өлкөнүн башкаруучулары тыюу салуу менен жооп беришүүдө. Бир тараптан мындай окуялар Орусия сыяктуу аймакка кызыкчылыгы болгон өлкөлөрдү күчтөндүрүүдө, аймак өлкөлөрүн коопсуздук темаларында чоң мамлекеттерге дагы да көз каранды абалга айландырууда.

Дүйнөдөгү коопсуздук тармагындагы тажрыйбалар, маселенин орду түбү менен чечилиши жагынан бул тыюу салуулардын таасирдүү жана туруктуу чечүүчү жол болбогондугун көрсөтүүдө. Орто Азия өлкөлөрү да муну кыска убакта түшүнүп террор жана радикал топторго каршы башка таасирдүү чечүүчү жол издөөлөрү керек. Анткени тыюу салуулардын көбү маселенинин орду түбү менен чечилишине салым кошпойт.



Тектеш кабарлар