Казан фотосүрөттөрү көргөзмөсү

«2014-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары-Казан» аттуу көргөзмө 30-сентябрга чейин уланат.

129993
Казан фотосүрөттөрү көргөзмөсү


2014-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары деп жарыяланган Татарстандын маданияты жана салттары атайын уюштурулган фотосүрөт көргөзмөсү менен чагылдырылды.
Стамбулда өткөрүлгөн көргөзмөдө Казандын бардык жерлери таанытылды.
Эл аралык Түрк Маданияты Уюму тарабынан уюштурулган көргөзмөдө фотосүрөтчүлөрдүн 100дөй эмгектери кечээ искусттвого кызыккандарга тартууланды.
Көргөзмөдө Татарстан калкынын каада-салттары, улуттук бий жана кийимдери, Кремлин жана Сүйүмбике мунарасы, эски көчөлөрү жана заманбап аянттары орун алган.
Казан тууралуу фотосүрөттөр коюлган Стамбулдагы көргөзмөнүн ачылышында, Татарстандын элдик бий топтору да чоң кызыгуу жаратты.
Татарстандын маданият министри Айрат Сибагатуллин бул көргөзмөдөгү фотосүрөттөр Түрк Республикаларынын фотосүрөтчүлөрү тарабынан тартылган, Казанды жана Татарстанды түшүндүргөн көргөзмө экенин белгиледи.
«2014-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары-Казан» аттуу көргөзмө Долмабахчедеги көркөм өнөр галереясында 30-сентябрга чейин уланат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар