Уйгур түрктөрү Кайсериде жолугушту

Дүйнөлүк уйгур жаштарынын Эл аралык футбол турнири кечээ Кайсериде көркөмдүү ачылыш менен башталды.

Уйгур түрктөрү Кайсериде жолугушту

Дүйнөлүк уйгур жаштарынын Эл аралык футбол турнири кечээ Кайсериде көркөмдүү ачылыш менен башталды.
Аземде «Мехтер» тобунун чыгрмачылык көрсөтүүсү жана боштондук гимнинин ойнолушунан кийин протокол сөз сүйлөөлөрүнө өтүлдү.
Ачылыш сөзүн сүйлөгөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Кайсери эл өкүлү Исмаил Танер, премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган да жакындан колдоо крсөткөн Уйгур жаштардын эл аралык футбол турнири үчүн 9 башка өлкөдөн келген уйгурларды Кайсериде тоскондору үчүн сыймыктангандарын айтты.
Кайсери мэриясынын спорт башкы директору Али Үстүнел болсо уйгурлардын таанылышы, эл аралык аренада өздөрүнүн бар экенин сездириши жана ошондой эле биримдик жана ынтымак үчүн спорттун маанисине токтолду.
Дүйнөлүк уйгур жаштардын эл аралык футбол турнири «А» жана «В» тобуна бөлүнүп турнир өткөрүүдө. Ал мындай:
«А» тобунда; Казакстан, Түркия, Кыргызстан жана АКШ
«В» тобунда:Германия, Швеция, Нидерландия, Норвегия жана Бельгия орун алды.
Кечээки ачылыш аземдин алында жана андан кийин ойнолгон оюндарда Казакстан уйгур командасы АКШны 4-0 эсебинде, Кыргызстан уйгур командасы болсо Түркияны 3-0 эсебинде утушту.
Нидерландия уйгур командасы болсо Швецияны 7-1 эсебинде, Германия уйгур командасы Норвегияны 4-0 эсебинде, Швецияны 5-1 эсебинде утту.
Турнир 18-июнда аяктайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар