Чынгыз Айтматовдун аты чоң көчөгө коюлду

Анын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышты.

Чынгыз Айтматовдун аты чоң көчөгө коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Анкара мэриясы тарабынан Батыкентте бир көчөгө кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун атынын коюлушу жана эстелигинин ачылышы боюнча уюштурулган аземге катышты.
Атамбаев андагы сөзүндө Айтматовдун аты Анкарада жашатылып жатканы үчүн өтө ыраазы болгонун билдирди.
Атамбаев, Айтматовдун Түркияда абдан көп окулган жазуучу болгонун, урматталганын, бир топ шаарда Айтматовдун атынын парктарга, көчөлөргө коюлганын баса белгилеп, ырахмат айтты.


Кыргызстан менен Түркиянын жакшы жана жаман күндөрүндө ар дайым бири-бирин колдогонун эскерткен Атамбаев, эки өлкөнүн ортосундагы бул жакындыктын келечекте да улантыла турганын белгилеп өттү.
Вице-премьер Эмруллах Ишлер да Чынгыз айтматовдун чыгармаларынын толугу түркчөгө которулганын, анын китептеринин Түркияда эң көп окулган чыгармалар арасында болгонун белгилей кетти.
Ишлер Түркиянын Түрк Республикалары менен жакын кызматташуусу болгонун, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жакшы мамилелердин дагы да өнүктүрүлө турганын белгилей кетти.
Анкара шаарынын мэри Мелих Гөкчек да Айтматовдун дүйнөлүк адабиятына баалуу чыгармаларды калтырган маанилүү жазуучу болгонун баса белгиледи.
Сөзүнөн кийин Чынгыз Айтматовдун эстелигинин кызыл тасмасы Атамбаев, Ишлер жана Гөкчек тарабынан чогуу кесилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар