Крымдын вице-премьери Ленар Исламов кызматынан алынды

Исламовдун ордуна Руслан Балбек дайындалды.

Крымдын вице-премьери Ленар Исламов кызматынан алынды

Крымдын вице-премьери Ленар Исламов кызматынан алынды.
Крым Татар Улуттук Парламенти тарабынан Крымдын вице-премьерлик кызматына сунушталган Ленар Исламов бул кызматка 2-апрелде дайындалган болчу.
Крым Парламентинде кечээ өткөрүлгөн жыйында Ленар Исламов вице-премьерлик кызматынан бошотулду.
Бул токтомду жыйындагы 78 эл өкүлүнөн 76сы колдоду.
Исламовдун ордуна Крым Татар Улуттук Парламентине терс көз караштары менен билинген Руслан Балбек дайындалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар