Түрк басма сөзү-11.02.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү-11.02.2019

«Хабер түрк» гезити «Жаңы «Ататүрк» маданият борборунун пайдубалы түптөлдү» аттуу маалыматында Стамбулдун Таксим аянтында «Ататүрк» маданият борборунун пайдубалы түптөө аземинде сөз сүйлөгөн президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын искусство жана маданият турмушунда секирик жарата турган кадамды таштагандарын белгилегенин баяндаган. Эрдоган, «Ататүрк» маданият борборунун 95600 чарчы метрдик үстү жабык аянтка ээ болгон 5 башка блоктон тураарын белгилеп: «Стамбулдагы «Ататүрк» маданият борборун 2 жыл сыяктуу кыска мөөнөттүн ичинде салып бүтүрүп искусство чеберлерибиздин жана искусство сүйүүчүлөрдүн тейлөөсүнө сунабыз»,-деп айтты.

«Ватан» гезити Түркия жана Орусиянын ири өнөктөштүгү! Стамбул жана Анталья альтернативалары үстөлдө» аттуу маалыматында Түрк–Орус биргелешкен университеттин кеңириси белгилүү болгонун маалымдаган. Президент Режеп Таййип Эрдогандын апрель айында ишке ашырышы күтүлгөн Орусия сапарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен боло турган жолугушууда Түрк-Орус бирегелешкен университет темасы күн тартипке келиши күтүлүүдө.

«Хүррийет» гезити «Стамбул аэропортторунда 7 миллион 968 миң 882 жүргүнчү коноктолду» деген маалыматында «Ататүрк», «Сабиха Гөкчен» жана Стамбул аэропортторунда январь айында ишке ашырылган жана тышкы кататам сапарлары өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1068ге көбөйүп 56 миң 420га жеткенин баяндаган. Ошол убакта бул аэропорттордон ишке ашкан келиш-кетиш каттамдары менен 7 миллион 968 миң 882 жүргүнчү ташылган.

«Стар» гезити «Кургатылган мөмө экспорту 1 миллиард 388 миллион долларга жетти» деген кабарына Түркиянын кургатылган мөмө экспорту 2018-жылы 8,5 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 279 миллион доллардан 1 миллиард 388 миллион долларга жогорулаганын жазган. Кургатылган мөмөнү эң көп импорттогон өлкө Германия болуп 178 миллион долларга жетсе, андан соң Англия 164 миллион доллар, Италия 102 миллион доллар болуп, Түркияны тандаган үчүнчү өлкө болгон. Кургатлыган мөмө экспорттолгон өлкө саны 143кө жетти.

«Йени шафак» гезити «Гүл өстүрүүчүлөрдүн 2019-жыл максаты; 85 өлкөгө экспорт» аттуу маалыматында өткөн жылы 100 миллион доллар экспортту ишке ашырган Түркиянын букет гүл сектору, быйыл 85 өлкөгө жетип 125 миллион доллар суммасына жетүүнү көздөгөнүн маалымдаган. Ортоңку Анадолу кооздук өсүмдүктөрү жана өндүрүмдөрүн экспортчулар биримдигинин төрагасы Исмаил Йылмаз, эң маанилүү базарлардын Нидерландия жана Англия болгонуна токтолуп, акыркы жылдарда Өзбекстан базарында маанилүү өсүү болгонуна көңүл бурду.



Тектеш кабарлар