Түрк басма сөзү-17.01.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1127659
Түрк басма сөзү-17.01.2019

«Стар» гезити «Путинден Европа Биримдигинин мүчөлөрүнө Түрк агымы боюнча билдирүү; Брюсселден уруксат алышсын» аттуу маалыматында Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин серб басма сөзүнө куруп берген маегинде «Түрк агымы» мунай зат кууру тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү бергенин жазган. Путин, долбоорго кошулгусу келген ЕБне мүчө өлкөлөлөргө, «Брюсселден уруксат алышсын» деген билдирүүнү жолдогонун жазган. Орусиянын жаратылыш газын Кара деңиз жана Түркия аркылуу Европага жеткире турган түтүк жолу долбоорунун 2019-жылдын акырына чейин ишке кириши күтүлүүдө.

«Хабер түрк» гезити «Миллиард доллардык түрк фирмалары АКШ жүргүнчүсү» аттуу маалыматында базар баасы орто эсеп менен 30 миллиард долларга жеткен Түркиянын алдыңкы фирмалары АКШлык инвесторлор менен 17-18-январда Нью-Йоркто жолугуша турганын маалымдаган. 5и банктан турган 13 түрк фирмасынын жалпы капитал баасы 3 триллион доллардан ашкан орто эсеп менен 30 АКШлык фонд менен «New York Turkey Day» аттуу жыйналышта жолугат. Адистер Түркияга болгон инвестор кызыгуусундагы артыштын Түрк экономикасына болгон ишенимге маанилүү салым кошо турганынын баамдап жатышат.

«Йени шафак» гезити  «Венесуэладан Түркияга тонналаган алтын үчүн алгачкы расмий сапар» аттуу маалыматында алтын байы Венесуэланын алтындарды иштетиш үчүн Чорумду тантаганын жана мамлекет башчы Николас Мадуронун орун басары да орун алган делегациянын бул шаарга келе турганы билдирилишинен кийин кечээ алгачкы сапар ишке ашканын маалымдаган. Венесуэланын экономика боюнча жооптуусунун орун басары Тарек Зайдан аль-Айсамми Маддах Чорумга келди. Маддах жана аны коштогон делегация бир холдинггге таандык алтын рафинериясында иликтөөлөрдү жасады.

«Хүррийет» гезити «2019-жылдын жашоо сапаты эң жогорку шаарлары белгилүү болду. Түркиядан 4 облус тизмеде» деген маалыматында шаарлар тууралуу дүйнөнүн эң кеңири дата катоосу Нумбео, 2019-жылына таандык «Жашоо сапаты» көрсөткүчтөрүн жарыялаганын жазган. Тизмеге эң жогорку деңгээлде жашоо сапаты эң мыкты 226 шаар кошулганын жазган. Бул шаарлардын арасында Түркиядан 4 шаар орун алууда. Тизмеде орун алган шаарлар Стамбул, Анкара, Бурса жана Измир деп тизмеленди.

«Сабах» гезити «Өлө электе көрүлүшү керек болгон жерлер» аттуу маалыматында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган жана дүйнө жүзүндө билинген эң эски эстелик ибадаткана болгон Шанлыурфада орун алган Гөбеклитепе, президент Режеп Таййип Эрдогандын 2019-жылды Гөбеклитепе жылы деп жарыялоосунан кийин National Geographic журналынын «Өлө электе көрүлүшү керек болгон жерлер» китебине киргенин маалымдаган.

 

 



Тектеш кабарлар