Түрк басма сөзү-06.12.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү-06.12.2018

«Хабер түрк» гезити «Улуттук согуштук учак шамал сыноосунда» аттуу маалыматында Европада эң алдыда бараткан 5-муундагы согуштук учак долбоору болгон улуттук согуштук учак TF-X шамал туннелинде сыноодон өткөрүлүп жатканын жазган. Учакты абдан ылдам түрдө бүтүрүүнү пландаган Түркия, конфигурациянын акыркы формасын берип жатат. Басымдуу композит боло турган учак үчүн сериалуу чыгаруу 2033-жылы башталышы жана ал убакка дейре 400 буюртма алышы максатталууда.

«Йени шафак» гезити «Түркия жарандык авиация тармагында тарых жазды» деген маалыматында 176 өлкөдөн орто эсеп менен 2 миң аэропорт мүчө болгон Европа аэропорттору кеңешинин 2008-2018-жылдар аралыгын камтыган отчет жарыялаганын маалымдаган. Отчетко караганда өлкө жагынан алганда Түркия акыркы 10 жылда түздөн-түз байланыш чекиттеринин санын 191 пайызга арттырды. Түркия кыйыр байланыш чейиттерин 130 пайызга арттырып аэропорт байланыштарын 157 пайыз жана нетворк желесин 534 пайызга жогорулатып Европада каттам желесин эң көп арттырган өлкө болду.

«Стар» гезити «Түркиянын эң чоң аскердик кемеси TCG Aнадолунун тапшырылышы 1 жыл эрте болот» деген маалыматында ушул убакка дейре Түрк флоту үчүн жасап чыгаруусу уланып жаткан чоң кеме «көп максаттуу TCG Анадолу амфибиялык чабуул кемесинин» курулуш иштери ылдамдатылганын жазган. Долбоор, Түркиянын бир жолкуда өндүрүлгөн эң чоң коргонуу доолбоору жана глобалдык күч болуу багытында чоң мисал болуп саналат. Тапшырылуусу 1 жыл эрте боло турган кеме 2020-жылдын акыркы чейрегинде Деңиз күчтөрүнө тапышырылат.

«Сабах» гезити «2018-жылы Измирге эң көп немис туристтер келишти» аттуу маалыматында октябрь айында Түркияга келген чет элдик турист саны мурдагы жылга салыштырмалуу 25,5 пайыздык өсүү менен 3,8 миллион кишиге жетсе, өлкөгө келген немситердин көпчүлдүгүнүн болсо биринчи тандоосу Измир болгонун маалымдаган.

«Ватан» гезити «Англис дөө-шаасына түрктөр талапкер» деген маалыматында Англиянын премьер лигасынын түптүү клубдарынан Ньюкасл Юнайтеддин бир түрк консорциумуна сатылуу ыктымалы болгону белгилүү болгонун жазган. Клубду сатып алыш үчүн үч тараптын кызыгуусу бар. Булардан бирөөнүн түрктөр экенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар