Түрк басма сөзү 13.11.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1087019
Түрк басма сөзү 13.11.2018

«Ватан» гезити «Министр Сойлу АКШнын ПКК корбашыларына байланыштуу чечими тууралуу өз сүйлөдү» деген кабарында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун АКШнын ПКК жикчил террордук уюмдун башчыларынан 3 террорист тууралуу чыгарган чечимине байланыштуу маалымат бергендигин жазган. Сойлу «Стратегиялык өнөктөшүбүз биз менен бирге, 3 террористти тизмесине алып, Сирия  -  Ирак фронтунда ПКК менен бирге нефтинин 25 пайызы меники болот, 75 пайызы сеники болот» деп эсептегендер. Бул эки жүздүүлүк. АКШнын кайда, кайсы күнү, ким менен кызматташууда баарын билебиз»,- деди.

«Стар» гезти «Улуттук коргоо министрлиги : жалпы 38 террорист жок кылынды» деген кабарында улуттук коргоо министрлигинин твиттер эсебинен берилген маалыматта 10 – 11 – 12 – ноябрда Ирактын түндүгүндөгү Зап, Авашин -  Басян, Гара, Хакрук жана Хафтанин аймактарына  аба операцияларынын жүргүзүлгөндүгү белгиленди. Маалыматта : «Аба оперцияларынын натыйжасында жикчил террордук уюмга таандык курал буктурмалары, баш калкалоочу жерлер менен ок  - дары сактоочу жерлер жардырылып, 38 террорист жок кылынды»,- деп билдирилди.

«Сабах» гезити «Өнөр жай министринен жергиликтүү автомобиль билдирүүсү» деген маалыматында өнөр жай министри Мустафа Варанк жергиликтүү автомобиль прототибинин 2019 -  жылы өндүрүлөрүн айткандыгын жазган. Варанк : «Түркиянын автотомбиль долбоору түрк өнөр жайы жана технологиялык өнүгүшүндө маанилүү бир босого болот. Максатыбыз орточо  - жогорку жана эң жогорку технологиялуу өндүрүш үлүшүн эл аралык базарларда интеграциялуу түрдө дагы да арттыруу»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Украинада саламаттык туризминде эң популярдуу өлкө Түркия» деген кабарында Украинада саламаттык туризми үчүн эң популярдуу өлкө Түркиянын болгондугун жазган.  Украиналыктардын  Түркияны эң көп рак оорусун аныктоо жана дарылоо, ортопедия  ооруларын дарылоо үчүн зыярат кылып жаткандыгын жазган. Жаңы күбөлүк карточкаларын колдонгон Украина жана Түркия жарандары эки өлкөнүн ортосунда кирип  - чыгуу жана транзит өкөөлдөрдү аткара алат жана 90 күнгө чейин визасыз кала алат.

«Йени шафак» гезити «Япондор түрк тоогун жактырышты» деген макаласында япондордун Бурсадан экспорттолгон түрк тоогунун даамын жактыргандыгын жазган. Өндүрүш комплекстерин көрүү үчүн жана иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн Япониядан бир делегация келди. 2 жылдын ичинде 600 миң тонна тоок импорттоо талабын билдирген  Японияга биринчи этапта 500 тонна жибериле баштады.



Тектеш кабарлар