Түрк басма сөзү  08.11.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача малыматтар.

Түрк басма сөзү  08.11.2018

«Хабер түрк» гезити «Министр Акардан АКШнын ПКК террористтери тууралуу билдирүү» деген кабарында  Улуттук коргоо министри Хулуси Акар АКШнын тышкы иштер министрлигинин ПКК жикчил террордук уюмдун жогорку мартабалуу ысмынын : «Адилеттик үчүн сыйлык» программасынын негизинде кабар бергендерге сыйлык берерине карата чечимин оң кабыл алгандыгын бирок мунун «кеч калган чечим» экендигин белгиледи. Акар АКШдан ПКК террордук уюмга карата  мамилесин андан эч бир айырмасы болбогон ЙПГге карата да көрсөтүшүн күтүшкөндөрүн айткандыгын жазган.

«Хүррийет» гезити «Европа Биримдигинен Түркиянын мүчөлүк процессине колдоо» деген маалыматында Европа Биримдиги Түркия менен кошулуу сүйлөшүүлөрүнүн улантылышын колдогондугун билдиргендигин жазган. Европа Биримдиги Комиссиясынын катчысы Маргаритис Шинас күнүмдүк пресс  - жыйынында Анадолу маалымат агенттигинин кабарчысынын «Европа Биримдиги Комиссиясынын кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Йоханнес Хан Түркия менен сүйлөшүүлөрдү акырына чыгаруу керектигин айтты. Бул Европа Биримдиги Комиссиясынын расмий  мамилесин чагылдырып жатабы?»,- деген суроого жооп берди.  Европа Биримдиги Комиссиясынын расмий мамилесинин «бир гана» төрага Жан Клод Юнкер тарабынан аткарыла аларын баса белгилеген Шинас : «Европа Биримдиги Комиссиясынын расмий мамилеси Түркия менен кошулуу сүйлөшүүлөрүнүн улантылышы багытында»,- деди.

«Ватан» гезити : «Түркия ал кеңеште орун алат» деген кабарында Түркия Дубайда өткөрүлгөн Эл аралык телекоммуникация биримдигинин кеңеш шайлоосунда 146 өлкөнүн добушун алып мүчөлүк укугуна ээ болгондугун жазган. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта глобалдык өлчөмдө кабарлашуу желелери жана кызматтарынын арасында координация түзүүнү максат кылган БУУнун адистештирүү мекемеси ИТУ кеңешинин мүчөлүк шайлоосунун 2018 -  жыл 5 -  ноябрда Дубайда өткөрүлгөндүгү эске салынды. Маалыматта : «Шайлоодо Түркия 146 өлкөнүн добушун алып бешинчи жолу ИТУ кеңешинин мүчөлүк укугуна жетишти»,- деди.

«Сабах» гезити  «Аба жолунун жүргүнчү саны 10 айда 183 миллионго жакындады» деген кабарында жалпы Түркияда бул жылдын октябрь айынын акырынан баштап аба жолунда 182 миллион 709 миң 862 жүргүнчүгө кызмат кылгандыгын жазган. Мамлекеттик аэропортторду башкаруу боюнча башкы директорлугу октябрь айына байланыштуу аба жолу, учак жүргүнчү жана жүк статистикаларын билдирди. Ушуга караганда октябрь айында аэропортторго учуп  - конгон учак саны ички каттамдарда 75 миң 583, тышкы каттамдарда болсо 61 миң 332 пайыз болду.

«Стар» гезити  «Indo Defence жарманкесинде көргөзмөгө чыккан Каплан МТ жарманкенин жылдызы болду» деген кабарында Indo Defence жарманкеси кечээ Индонезияда башталды. ФНСС фирмасынын Индонезия фирмасы PT Pindad менен бирге Түркияда долбоорлонуп чыгарган орточо оордук классындагы танка КАПЛАН МТ жарманкеде жаңы бир ысым менен орун алды. Индонезияда  кабыл алуу тесттеринен ийгиликтүү  өткөн танканын массалык өндүрүү аты “Harimau” деп белгиленди. Жарманкенин көңүлдөрдү бурган жана кенен аянттарынын биринде көргөзмөгө чыккан продукция көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.



Тектеш кабарлар