Түрк басма сөзү  12.10.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

Түрк басма сөзү  12.10.2018

«Сабах» гезити «Чавушоглу Иракта маанилүү маалыматтарды берди» деген макаласында расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Иракка барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун маанилүү маалыматтарды бергендигин жазган. Чавушоглу маалыматында : «Мындан мурда коопсуздуктан улам жабууга мажбур болгон Басра жана Мусул консулдуктарыбызды кайрадан ачып жатабыз»,- деди. Түркиянын эл аралык мыйзамдын чегинде террористтер кайда болсо болсун алар менен күрөшүүну улантарын белгилеген Чавушоглу : «Бул Ирактын чек араларын бузуу эмес, эл аралык мыйзамга ылайыктуу»,- деди.

«Ватан» гезити «Жергиликтүү «бомба атуучулар» казарма жолунда» деген маалыматында коопсуздук күчтөрүнүн бомба атуучу муктаждыгынын камсыз кылынышы үчүн коргоо өнөр жайы башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн тендерге катышкан Коньядагы бир курал фирмасы Кургак жер күчтөрүнө 8 миң "AK40-GL" бомба атуучу жасайт. Алты айдан кийин тапшырылышы пландалган бомба атуучулар кургак жер күчтөр командирлигинде Мехметчиктин колдонушуна берилет. Бул жергиликтүү бомба атуучулар үчүн улуттук жана эл аралык патент үчүн кайрылууда жасалды.

«Стар» гезити «Түрк коргонуу каражаттары АКШда көргөзмөгө чыкты» деген маалыматында түрк коргонуу өнөр жай тармагынын алдыңкы фирмалары РОКЕТСАН жана РЕПКОН Вашингтондо өткөрүлгөн AUSA – 2018де каражаттар жана жөндөмдүүлүктөрү тууралуу билдиришкендигин жазган. Көп сандаган өлкө жана эл аралык фирмадан өкүл жана делегация РОКЕТСАН стендин көрүп, фирма ээ болгон технология жана чыгарылган каражаттар тууралуу маалымат алды.

«Хабер түрк» гезити «Түрк курулуш инженерлер кара континентти куруп жатат» деген макаласында өлкө тышында иш аткаруу жолун Ливия менен баштаган түрк курулуш инженерлери акыркы жылдарда Африкада ишке ашырган чоң долбоорлору менен алдыга чыккандыгын жазган. Түрк курулуш инженерлери акыркы 4 жылда Африкада 15 миллиард долларга жакындаган темир жолу, авто жолу, порт, көпүрө, туннель жана түрдүү долбоорлордун курулушуна кол коюп чоң ийгиликке жетишти.



Тектеш кабарлар