Түрк басма сөзү  14.09.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү  14.09.2018

«Йени шафак» гезити «Түркия  - Казакстандын ортосунда 2 миллиард долларлык келишим» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Анкарада пресс – жыйын өткөргөндүгүн жазган. Эрдоган Түркиянын ар дайым Казакстандын жанында болорун баса белгиледи. Назарбаев болсо жалпысынан сапарынын негизинде 2 миллиард долларга жакын проекттерге кол коюшкандарын белгилеп : «Мен бул кызматташууга кубанычтуумун. Эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарды кеңейтүү биринчи максатыбыз. Бул кызматташуубузду дагы да өнүктүрүүгө даярбыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Түрк жана Азербайжан аскердик учактары бирдикте учушту» деген кабарында Конья 3 -  негизги реактив базасында  3 -  сентябрда башталган ТУРАЗ Шахини – 2018 машыгуусунун улантылып жаткандыгын жазган. Азербайжан аба күчтөрүнө таандык эки МИГ – 29 жана  Су  - 25 чабуул коючу учак менен түрк аба күчтөрү командирлиги тарабынан машыгууга катышкан Ф  - 16 аскердик учактары тактикалык учуу планына таянып белгилүү бир бийиктикте биргеликте учушту. Сценарий боюнча душман абадан коргонуу жана кургактыктагы буталарды атуу менен маневраларын аткарды. Машыгуу бүгүн 14 -  сентябрь жума күнү аяктайт.

«Хүррийет» гезити  «Деңиздеги аэропорттон учуу рекорду» деген маалыматта Түркия менен Европанын деңиз үстүндө курулган алгачкы жана дүйнөнүн экинчи аэропорту болгон Орду  - Гиресун аэропортунан алынган жүргүнчү саны 2 миллион 800 миңден ашкандыгын билдирген. 2015 -  жылы 22 -  майда кызматка кирген аэропортто 3 жылда 21 миң 549 учак каттамы менен 2 миллион 825 миң 569 жүргүнчү ташылды. Ташылган жүргүнчү саны Орду жана Гиресундун калкынын санын эки эсеге чыгарып, жылдын акырына чейин бул сандын 3 миллионго чыгышы күтүлүүдө.

«Хабер түрк» гезитиндеги «Римде Женгиз Үндерге абдан чоң кызыгуу» деген макалада Италиянын Рим командасында ойногон улуттук футболчу Женгиз Үндер клубдун жаңы таанытылган формасына кол кюу үчүн күйөрмандары менен жолугушкандыгын жазылган. Виа дел Корсодогу Рим магазининдеги иш чарага аялдар менен эркектер жана бардык жаштан Рим күйөрмандары катышты. Иш чарага чоң кызыгуу көрсөткөн Рим күйөрмандары Женгиз Үндер менен сүрөткө түшүп, улуттук футболчунун кол коюп беришин суранышты. Рим жаңы формасын таанытуу видеосунда да Женгиз Үндерге орун берген.



Тектеш кабарлар