Түрк басма сөзү-11.09.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү-11.09.2018

«Ватан» гезити «Тышкы иштер министрлигинен Грецияга каршылык көрсөтүү» аттуу маалыматында Түркия, Грециядан Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын шайланган муфтийлерин тааныбаган мамилесин соңуна чыгаруусун талап кылганын маалымдаган. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой: «Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын шайланган муфтийлерин тааныбаган Грециянын эң оболу бул мамилесин соңуна чыгаруусун жана жасала турган түзөтүүлөрдө азчылыктын күтүүлөрүн эске алуусун күтүүдөбүз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Экинчи чейректин өсүү көрсөткүчтөрү жарыяланды» аттуу маалыматында Түркиянын экономикасы жылдын экинчи чейрегинде 5,2 пайызга өскөнүн жазды. Бул катыш менен экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна (OECD) мүчө өлкөлөрдү артка калтырган Түркия, Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн арасында экинчи катарда орун алды. Өндүрүү башкаруусуна карата эсеп-кысап баалары менен өлкө ичиндеги дүң өндүрүм божомолу үстүбүздөгү жылдын экинчи 3 айлык мезгилинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,4 пайызга өсүп 884 миллиард 4 миллион 260 лира болду.

«Хабер түрк» гезити «Министр Албайрактын өсүүгө баа бериши» аттуу макаласында казына жана каржы министри Берат Албайрактын экинчи чейректеги өсүү көрсөткүчтөрү тууралуу баяндама жасаганын жазган. Албайрак экинчи чейректеги өсүү сандарынын экономикада тең-салмактоо процессинин башталганын көрсөтүп турганын жарыялады. Министр Албайрак, алдыңкы көрсөткүчтөрдүн үчүнчү чейректен тарта ички талаптарда акырындоо белгиленгенине шилтеме кылып, алдыңкы максаттын эсеп-кысап кемчилиги жана инфляция болгонун баса белгиледи. Жапырт күрөшүүгө чакырды.

«Йени шафак» гезити «Мейиз экспортунда акыркы 9 жылдын рекордуна жетишилди» аттуу маалыматында Түркия, данексиз мейиз секторунда 2017-2018 сезонун 279 миң 343 тоннага жеткирип анын баасы болгон 452 миллион 498 миң доллардык экспорт менен артка калтырганын маалымдаган. Мейиз экспорту 8 пайыздык өсүү көрсөттү. Мейиз экспортунда Ыракы Чыгыш өлкөлөрүнүн үлүшү 8 пайыздан 11 пайызга жогорулады.

«Стар» гезити «Калехөйүктө 800 жылдык Ахи ожактары табылды» аттуу маалыматында Кыршехирдин 5 миң жылдык тарыхы изилденген Калехөйүк казууларында эң байыркысы 800 жыл мурдагыга таандык Селжуктук жана Осмондук доорлорунда колдонулган Ахи ожактары жарыкка чыгарылганын баяндаган. Аймакта 2009-жылы бургулоо катары башталган казууларга бир топко тыныгуу берилип, 2012-жылдан тарта кайрадан иштер башталган.



Тектеш кабарлар