Түрк басма сөзү-10.09.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү-10.09.2018

«Хүррийет» гезити «Акдамар чиркөөсүндө 3 жылдык мөөнөттөн кийин сыйынуу» аттуу  маалыматында Вандын Жеваш районунда орун алган жана арал менен бирдей аталыштагы тарыхый «Акдамар» чиркөөсүндө 3 жылдан бери болбой келген сыйынуу, быйыл ишке ашканын жазган. Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой да байкаган сыйынууну Түркиядагы армяндардын патриархынын башкы милдетин аткаруучу, эпископ Арам Атешян жана аны коштогон эпископ Сахак Машалян, патриархтын башкы милдетин аткаруучунун орун басары, кечил Магакя Бескисизян башкарды. Сыйынууга Түркиядан жана өлкө тышынан жүздөгөн киши катышты.

«Сабах» гезити  «Эмине Эрдоганга гуманитардык жардам боюнча сыйлоо сыйлыгы» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын Мянмада болгон адамзат трагедиясы баш болгон эл аралык коомдук пикирдин көңүлүн бурган иш-аракеттери жана жардамга муктаждарга карай кайрымдуулук иштерине улам «Дүйнөлүк донорлор форуму» тарабынан Гуманитардык жардам боюнча сыйлоо сыйлыгына ылайык көрүлгөнүн маалымдаган. Эмине Эрдоганга сыйлыгы Лондондо 11-сентябрда боло турган азем менен тапшырылат.

«Хабер түрк» гезити «Антальяга аба жолу менен 9,6 миллион чет элдик турист келди» деген макаласында Анталья облусунун маданият жана туризм директорлугу Антальяга аба жолу менен келген чет элдик турист санын жарыялаганын жазган. Туризмде быйыл бардык убактардын рекордуна жетишүүгө аракет кылган Антальяга келген турист саны 9 миллион 666 миң 859га жеткенин баяндаган.

«Ватан» гезити «Кытайлар Түркияга мейиз импорттоо үчүн келишти» деген маалыматында кытайлыктар АКШдан импорттогон мейиздерди Түркиядан алуу чечимин чыгаргандан кийин Кытайдан келген делегация Түркиянын эң чоң мейиз экспортчуларынан бири Tariş Entegre ишканаларында иликтөө жүргүзгөндөрүн маалымдаган. Ишкананы жактыргандарын белгилеген кытайлык делегация түрк жооптуу кызматкерлерге алек болгондору үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

«Стар» гезити «Тарыхый күмбөз көчүрүлөт» аттуу маалыматында Батмандын тарыхый Хасанкейф районунда салынып жаткан Ылысу суу сактагычынын себебинен суу астында кала турган чыгармалардын куткарылуу аракеттеринин алкагында 800 тонна салмагындагы «Имам Абдуллах» күмбөзү бүгүн жаңы орунуна көчүрөлө турганын жазган.



Тектеш кабарлар