Түрк басма сөзү 04.09.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү 04.09.2018

«Йени шафак» гезити «Текнофест Стамбул үчүн артка карай саноо башталды»  деген маалыматында Текнофест Стамбул «Улуттук технология кыймылы» максаттарынын негизинде 20 – 23 -  сентябрда дүйнөнүн эң чоң аэропорту болгон Стамбулдагы жаңы аэропортто өткөрүлөрүн жазган.

Түркиянын алгачкы  авиация, космос жана технология фестивалы болгон Текнофест Стамбул  Түркия тарыхынын эң чоң сыйлыгын алган технология жарыштары менен бирге авиация иш чаралары, семинарлар, эл аралык демилге саммитин  келгендерге сунуштайт.  

«Хабер түрк» гезити «Turkish Cargo учкан жер санын 85ке чыгарды» деген кабарында абадан жүк ташууда дүйнөнүн эң ылдам өскөн абада жүк ташуу фирмасы болгон Turkish Cargo учкан жерлерине Руанданын борбор шаары Кигали менен Уммандын борбор шаары Мукатты да кошту. Жаңы учуучу жерлери менен бирге Turkish Cargo учкан жер санын 85ке чыгарды.

«Стар» гезити «Түркия менен Орусия айыл  - чарба келишимине кол койот» деген маалыматында Түркия менен Орусия 5 -  сентябрда Стамбул CNR Expoдо өткөрүлө турган форум менен айыл  - чарба тармагында келишим түзүүгө даярданып жаткандыгын жазган. "Food İstanbul" жарманкесинен кийин Тышкы экономикалык карым  - катнаштар кеңеши тарабынан уюштурулган Түркия  - Орусия иш кеңешинин негизинде  эки өлкөнүн ортосунда текстиль, темир  - болот, азык  - түлүк, мебель, айыл  - чарба жана машина секторлорунан өкүлдөр катыша турган, жумуш жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрү сөз боло турган бир жыйын өткөрүлөт. Иш чаранын негизинде эки өлкөнүн ортосунда айыл  - чарба тармагында бир канча келишимге да кол коюлат.

«Стар» гезити «Туристтер Памуккалеге келип жатышат» деген макаласында Денизли облусунун апапак бейиши Памуккаледе биздин замандын 60 – жылында жер титирөө менен пайда болгон жана Египет ханышасы Клеопатранын жуунгандыгы айтылган Клеопатра бассейни аймакка келген туристтердин кызыгуусун тартууда. Байыркы бассейиндин ичиндеги тарыхый калдыктардын арасында сүзгөн туристтер ысык жана шыпаалуу экендиги айтылган суудан ырахат алышууда. "Клеопатранын сулуулук бассейни» деп билинген байыркы бассейинге жергиликтүү жана чет элдик туристтер менен түрдүү ооруларга шыпаа издегендер да кызыгып жатышат. Айтылгандарга караганда Азырети Мариям Ефеске бара жатып ооруп калган көздөрүн Памуккаледеги суу менен жууганда айыккан.

«Хүррийет» гезити «Ван Дамдан Түркияга мактоо» деген кабарында бир сыйлык тапшыруу аземинде жюринин мүчөсү болуп Антальяга келген Жан Клод Ван Дам Түркия тууралуу ойлорун бөлүшкөндүгүн жазган. «Түрк инсандары адамга жакын деп ойлойм»,- деген Ван Дам түрк тамактары тууралуу : «Фантастика! Бул жерде мага мыкты түрк тамактарын сунушташты. Кайсынысынан сөз кылсам аз болот. Өзгөчө тас кебаб мыкты эле»,- деди. Ван Дам кийинки убактарда Түркияда текстиль ишине кирүүнү ойлогондугун да билдирди.



Тектеш кабарлар