Түрк басма сөзү 31.08.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү 31.08.2018

«Хүррийет» гезити «Түркиянын сыймыктуу жеңиши» деген макаласында 30  - Август жеңиш майрамынын 96 жылдыгынан улам өлкөнүн бардык жеринде жана өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө майрам жана аземдердин өткөрүлгөндүгүн жазган.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын алдында тура алышпайт» деген кабарында Президент Эрдоган 30 -  Август жеңишинин 96 жылдыгына арналган аземдерде маанилүү маалыматтарды берди. Эрдоган буларды айтты : «Өз жолун сызган Түркияга чыдабай жатышат. Эмне кылышса кылышсын, чоң жана күчтүү Түркиянын алдында тура алышпайт. Бизге миң жолу тизе бүктүрүшкөндөрүн ойлошсо да миң жолу бутубузга турууну улантабыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Трампты кыжырданта турган кабар» деген маалыматында Американын чоң фирмасы LinkedIn АКШнын президенти Дональд Трамптын айткандарына көңүл бурбастан Түркияда инвечтиция салуу үчүн даярдыктарын баштагандыгын жазган. 500 миллион активдүү колдонуучусу болгон фирма Стамбулда офис ачуу жана инвестиция салуу максатында сүйлөшүүлөрдү баштады.

«Ватан» гезити «Араптар да эмес, орустарда эмес. Бул жолу алар Түркияда» деген маалыматында Түркияга Латын Америка өлкөлөрүнөн келгендердин санында өзгөчө акыркы жылдарда өсүү болуп жаткандыгын белгилеген. Түштүк Америкадан бул жылдын биринчи жети айында келгендер 74, 23 пайыздык өсүү менен 138 миң 493кө жогорулады. Латын Америкадан болсо эң көп Аргентина жана Бразилиядан турист келди. Бул эки өлкөдөн келген турист саны 41 миңге жетти.

«Стар» гезити «Түркия туризм секторунун жандануусу Испанияга таасирин тийгизди» деген маалыматында

Испанияга барган турист саны күтүлгөндөн төмөн болуп, мунун себеби Түркиядагы туризм секторунун өзүнө келгендиги деп белгиленди. Туризм фирмасы Excelturдун төрага орун басары Жосе Луис Зореда өзгөчө англис жана немис турист санындагы төмөндөөнү Түркиядагы туризм секторунун өзүнө келүүсү менен байланыштырды. Зореда Испания туризм секторунун өкүлдөрүнө сапатты арттырууну сунуш кылды.



Тектеш кабарлар