Түрк басма сөзү  28.08.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1039112
Түрк басма сөзү  28.08.2018

«Йени шафак» гезити  «Доллар ишенимдүүлүгүн жоготуп жатат» деген маалыматында казына жана каржы министри Берат Албайрактын расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Францияга баргандыгын жазган. Албайрак Франциянын каржы министри Бруно Ле Марие менен жолугушту. Жыйындан кийин басма сөзгө маалымат берген казына жана каржы министри Албайрак АКШнын соода санкция чечимин карап чыгышкандарын билдирди. Албайрак Түркия менен Франциянын бирдикте кыймыл кыларын айтып, доллардын глобалдык соодада ишенимдүү бир элемент болуу өзгөчөлүгүн жоготкондугун белгиледи.

«Сабах» гезити «Түрк коргонуу өнөр жайы Кытай медиасында» деген маалыматында Feng Huang телекөрсөтүү каналында жарыяланган бир кабарда түрк коргонуу өнөр жайынын каржылык жактан экономикага кошкон салымынан сөз болгондугун билдирген. Кабарда : «Өлкөнүн коргонуу өнөр жайынын экспорту эл аралык базарда абдан популярдуу, балким да Түркиянын экономикалык чоңоюшу үчүн ичкериден жандандыруучу бир элемент»,- деп билдирилди. Кабарда : «АКШ Түркияны экономикалык жактан кыпчуурга алууга аракет кылса да Түркиянын өзгөчө коргоо өнөр жайында берген экономикалык салымы абдан чоң. Сатуудагы ылдамдыктын өсүшү жана ийгиликтүү товарлардын күн өткөн сайын базарда популярдуу болушу муну көрсөтүүдө»,- деген сөздөргө орун берилди.

«Стар» гезити «Америкалык экономист Перкинс : финансылык көзөмөлчүлөрдүн  максаты Түркя» деген маалыматында : «Бир экономикалык көзөмөлчүнүн моюнга алуусу» китебинин жазуучусу экономист Жон Перкинс : «Түркия сыяктуу өнүккөн экономикаларды бутага алган экономикалык көзөмөлчүлөрдүн бар экендиги тууралуу эч бир шегим жок»,- деди. Перкинс акыркы мезгилде АКШнын Түркияга экономикалык кысым жасоосуна байланыштуу : «Түркияга ИМФден алыс болушун сунуш кыламын»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Франциянын мурунку президенти Никола Саркози менен жубайы Карла Бруни эс алуу үчүн Бодрумга келди» деген маалыматында Түркияда эс алган Никола Саркози жана жубайы Карла Брунинин Францияга кетүү үчүн Бодрумдан Стамбулга учкандыгын жазган. Саркози түрк аба жолдорунун учагына отуруп жатып баарына салам берди. Эс алуудан абдан ыраазы болгондугу байкалган Саркози каткыруу менен кээ бир жүргүнчүлөр менен маектешти. Жүргүнчүлөрдөн чоң кызыгуу көргөн Саркози каалагандар менен фотографияга түштү. Учуп баратып жол ката китеп окуган Бруни болсо социалдык медиадан  : «Кооз Түркия, түш сыяктуу эле» деп Түркия тууралуу оюн бөлүштү.

«Ватан» гезити «Дүйнөнүн эң мыкты шаарларынын арасына Түркиядан 4 шаар кирди» деген маалыматында өлкөлөр жана шаарлар тууралуу маалыматтарды камтыган интернет сайты  Numbeo  шаарлардын индекстерин билдирди. Түркиядан тизмеге Стамбул, Анкара, Бурса, Измир кирди. Дүйнөнүн эң мыкты шаарлары тизмеге алынып, шаарлардагы жашыл аянттар, спорт комплекстеринин сапаты, аба жана суунун тазалыгы, орточо өмүр, семирүүнүн катнашы жана иш  - жеке турмуш тең салмактуулугу сыяктуу 10 башка критерия изилденүүдө.



Тектеш кабарлар