Түрк басма сөзү 27.08.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү 27.08.2018

«Йени шафак» гезити «Президенттик, жеңиш майрамынан улам видео жарыялады» аттуу маалыматында Малазгирт жеңишинин 947 жылдыгынан улам Президенттиктин расмий Твиттер баракчасынан видео жарыялангандыгын билдирген. Малазгиртте түрктөрдүн Анадолуга кирүүсүн чагылдырган видео «Жеңиш жумалыгынан улам бардык шейиттерибизди таазим кылып эскеребиз жана ардагерлерибизди урматтап ыраазычылык билдиребиз» деген тема менен бөлүшүлдү. Бул видео көргөндөрдүн саны боюнча рекорд жаратты.

«Хабер түрк» гезити «Түрк коргоо өнөр жайы рекорд койду» деген маалыматында РОКЕТСАН тарабынан Бириккен Араб Эмирликтери үчүн иштелип чыккан Жобария аттуу гранатомёт «атуу саны жагынан дүйнөдөгү эң чоң ракеталык артиллерия» катары Гиннесстин Рекорддор китебине киргенин билдирген. Бул система 4 чарчы километрдик аянтты жок кыла алат.

«Ватан» гезити «Германиялык жогорку даражалуу жетекчиден инвесторлорго Түркия чакырыгы» аттуу маалыматында SunExpress авиакомпаниясынын жогорку жетекчиси Йенс Бишоф: «Инвесторлорго сунушум инвестиция салуу чечимдериңерди божомолдоолорго жараша чыгарбагыла. Бул жерге Түркияга келгиле, бул өлкөнү, чөйрөнү, түркүгүн көргүлө» деп билдиргенин жазган. Түрк туризминде жана өлкөнүн тартуучу күчүндө чоң секирик көргөндөрүн белгилеген Бишоф: «Өзгөчө европалык туристтердин көз карашы боюнча кайрадан күчтүү көрүнүүдө. Өткөн жылы Түркияда туристтик борборлорго жана Анадолуга жалпы 8 миллион 800 миң жүргүнчү ташыдык. Андан рекорддук киреше таптык. 2018-жыл түрк туризми үчүн дагы SunExpress үчүн дагы жакшы болот»,-деп айтты.

«Стар» гезити «Түркияда мунай зат аянттары эми абадан аныкталууда» аттуу маалыматында Африка менен катар дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө ишке ашырылган абадан мунай зат издөө иштеринин Түркияда да аткарылгандыгын билдирген. Түркия мунай заттар аукционердик өнөктөштүгү, Чыгыш жана Түштүк-Чыгышта издөө иштерин абадан жүргүзө баштады.

«Сабах» гезити «Мугла дүйнөлүк ралли чемпионатына даяр» аттуу маалыматында 2018-жылдагы ралли боюнча дүйнө чемпионатынын онунчу жарышы болгон Түркия раллиси 13-16-сентябрь күндөрүнүн аралыгында Мугланын Мармарис районунда өткөрүлө турганын билдирген.



Тектеш кабарлар