Түрк басма сөзү 17.08.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү 17.08.2018

«Йени шафак» гезити «Чет элдик инвесторго Түркиядан чакыруу» деген маалыматында казына жана финансы министри Берат Албайрактын 6 миң чет элдик инвестор менен телеконференция жолу аркылуу жыйын өткөргөндүгүн жазган. Албайрак жыйында инвесторлорго Түркиянын финансылык түзүлүшүнөн жана таштала турган кадамдардан сөз кылып инвестиция салууга чакырды. Телеконференцияга миңге жакын катышуучунун катышары күтүлүп жатса, 4 миңден ашуун чет элдик инвестор катталды.

«Стар» гезити  «Валюта бюролору түрк лирасын жетиштире албай жатат» деген маалыматында АКШ менен болгон араздашуудан кийин базарлардагы валюта курсундагы толкундоолорго каршылык көрсөткөн жарандар президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусуна кулак салып, колдорундагы долларларды түрк лирасына айландырышкандарын жазган. Валютада болгон токундоолорго каршылык көрсөткөн жарандар колдорундагы долларды түрк лирасына айландыруу үчүн барган акча алмаштыруу бюролорунда узун кезекке турушту. Акча алмаштыруу бюролору жарандардын талабына жооп берүү үчүн түрк лирасын жетиштире албай жатат.

«Сабах» гезити  «Катардан кийин Кытайдан да Түркияга чоң инвестиция» деген макаласында дүйнөнүн АКШнын Түркияга карата  спекулятивдик атакасына каршы аракетке өткөндүгүн жазган. Катардын 15 миллиард долларлык инвестиция планынан кийин Кытайдан да чоң инвестиция сунушу келди. Июль айында е – сооданын эң чоңу Алибаба тарабынан сатып алынган Трендйол расмий түрдө бул группага кошулду. Өзгөчө АКШ менен болгон кризистен кийин Кытай менен карым  - катнаштардын күчтөнөрүнүн белгилери өкмөт тарабынан берилип, Кытай инвестициянын эң негизги бөлүгү болгон Алибабанын Түркияга борбор ачышы кайрадан күн тартибине келди.

«Ватан» гезити «Кытайлык турист саны 91 пайызга өстү» деген кабарында бул жылы Түркияга келген кытайлык турист саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 91 пайызга өсүп, 191 миңге чыккандыгын жазган. Кытайлык турист санындагы бул өсүүдө өлкөдөгү таанытуулар менен бирге өнөрпоз Сяо Чжандын Түркияны тема кылып алган «Сени романтикалуу Түркияга алып баргым келет» аттуу ырынын таасири зор болду.

«Хабер түрк» гезити «Мармарис Европанын эң идеалдуу эс алуу жерлеринин арасында» деген кабарында Американын веб кабар сайты Business Insider көп акча жумшабастан мыкты эс алууну каалагандарга Европада мыкты 18 эс алуу жерин тандаганын жазган. Тизмеге Түркиядан Мармарис да кирди. Мугланын Мармарис району кооз жаратылышы жана ылайыктуу баалары менен тизмеде экинчи орунду алды. Түркиянын негизги туризм борборлорунун бирөөсү болгон Мармаристин тегерегинде көрүүгө боло турган көптөгөн жерлер бар. Мармариске бара турган болсоңуздар сөзсүз түрдө пляждарын, булуңдарын жана чебин көрүңүздөр.



Тектеш кабарлар