Түрк басма сөзү-16.08.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү-16.08.2018

«Ватан» гезити «Англистердин түрк лирасына кызыгуусу артты» деген маалыматында Акбанктын башкы директору Хакан Бинбашгилдин түрк лирасына (ТЛ) чет өлкөдөгү базарларда чоң талап болгонун жарыялоосунан кийин дагы бир маанилүү жаңылык Англиядан келгенин маалымдаган. «The Guardian» гезити  өлкөнүн алдыңкы валюта фирмаларынан ICЕдин кассасында ТЛ калбаганын жазган. Валюта фирмасы интернет барагы аркылуу жасалган ТЛ сатып алуулары өткөн айга салыштырмалуу 24 миң пайызга артканын жарыялады.

«Сабах» гезити «Атактуу инвестор Фабер; Түрк байлыктарына инвестиция салуунун убагы» деген маалыматында эл аралык финансы базарындагы кризис божомолдоолору менен жакын таанымал атактуу инвестор Марк Фабердин АКШ баштаткан глобалдык соода согуштарынын жыйынтыктарынын кыйратуучу боло турганынын белгисин бергенин жазган. Фабер: «Соода согуштары толук оолуккандык болуп саналат. Глобалдык экономиканын ансыз деле акырындаган убагында уланууда»,-деди. Учурда түрк акцияларын сатып алууну ылайыктуу көргөн Фабер, «Бир катар түрк акциясын сатып алам. Менимче түрк байлыктарына инвестиция салуунун убагы» деген серебин салды.

«Йени шафак» гезити «Түркия менен соода согушу Америка биржасын кыйратты» деген маалыматында Түркияга финансылык согуш баштаган Дональд Трамп башкаруучулугунун Америка биржасынын кыйрашына себеп болгонун жазган. CNN International каналы биржадагы төмөндөөнү «Түркия менен соода согушу Америка биржасын кыйратты» темасы менен берди. CNN International каналындагы Фади Факура жарыялаган анализде «Батыш, Түркиядан ажыроонун беделин оор тартат» деген сөздөрү орун алды.

«Стар» гезити «Орусиядан виза жеңилдиги» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 10-Элчилер конференциясынын алкагында сөз сүйлөгөнүн жазган. Бул теманы Анкарага келген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшкөндөрүн баса белгилеген Чавушоглу: «Ишкерлерибизге, өзгөчө жүк ташуучу унаанын айдоочуларына, расмий паспорттун ээлерине, кызматтык паспорттун ээлерине визаларды жоюу темасында макулдаштык»,-деди. Чавушоглу Орусиянын визаларды толугу менен жоюшун да каалагандарын айтты.

«Хабер түрк» гезити «Июль айында чет элдиктерге турак жай соодасы өстү» деген маалыматында чет өлкөлүктөргө турак жай соодасы өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 65,6 пайызга өсүп 2 миң 858 болгонун билдирген. Чет элдиктерге турак үй сатууда июль айында биринчи орунду 956 үй сатылган Стамбул алды. Стамбулдан кийин катары менен 641 үй сатылган Анталья, 176 үй сатылган Бурса, 167 үй сатылган Ялова жана 132 үй сатылган Сакария орун алды. Июль айында эң көп үй сатып алган Ирак, Иран, Сауд Арабия, Орусия жана Кувейттин жарандары болду.



Тектеш кабарлар