Түрк басма сөзү 8.08.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1028014
Түрк басма сөзү 8.08.2018

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу менен Помпеонун ортосунда орчундуу сүйлөшүү өткөрүлдү» аттуу маалыматында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, АКШнын мамлекеттик катысы Майк Помпео менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Эки министр АКШ менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарды жана учурдагы маселелердин чечилүүсүн талкуулашты.

«Ватан» гезити «Улуттук коргоо министри Хулиси Акар АКШлык кесиптеши менен сүйлөштү» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулиси Акар АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Акар менен Маттис сүйлөшүүдө, эки тараптуу коргонуу карым-катнаштары, Сирия кризиси жана терроризмге каршы күрөшүү темаларында пикир алмашышты.

«Сабах» гезити «Немис дөө шаасынан Түркияга ири инвестиция» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Түркиядагы Bosch компаниясы Бурсада кура турган жаңы муундагы жогорку басымдуу күйүүчү май инжекторун чыгарган ишкананын негизинде жылына 185 миллион долларлык экспорт кылаарын белгиледи.

«Стар» гезити «Нури Билге Жейлан Сараеводо сыйлык алат» аттуу маалыматында Босния-Герцеговинада быйыл 24-жолу уюштурула турган Сараево кинофестивалына катыша турган режиссер Нури Билге Жейлан, толкундануу менен күткөн коноктордун башында турганын билдирген. 10-17-август күндөрүнүн аралыгында өтө турган фестивалдын алкагында «Сараевонун жүрөгү өмүр бою ийгилик» сыйлыгын ала турган Жейлан бир гана кинотасмалары менен эмес фотосүрөтчү өзгөчөлүгү менен да босниялыктар менен жолугат.

«Хабер түрк» гезити «Улуттук атлет Жак Али Харви Европа үчүнчүсү болду» аттуу маалыматында Германиянын борбор шаары Берлиндеги олимпиада стадионунда өткөрүлгөн жана 49 өлкөдөн 1 миң 542, 30 тарапсыз спортчу жарышкан атлетика боюнча Европа чемпионатында эркектер арасында 100 метрдин финалында эки улуттук атлет Жак Али Харви менен Эмре Зафер Барнес медаль үчүн ат салышканын билдирген. Жак Али Харви үчүнчүлүктү алып, коло медалга ээ болду. Ал эми Эмре Зафер болсо жетинчи орунду ээледи.



Тектеш кабарлар