Түрк басма сөзү 11.07.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү 11.07.2018

«Сабах» гезити «Эрдоган чет өлкөгө алгачкы сапарын Азербайжанга жасады» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган ант берүү аземинен кийин чет өлкөгө алгачкы сапарын Азербайжанга жасаганын билдирген. Бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин Эрдоган менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү. Эки өлкөнүн ортосундагы туугандык алакаларга басым жасаган эки лидер достукту чыңдоого багытталган билдирүүлөрдү айтышты.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган Кипр улуттук дообуз деди» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжанга жасаган биринчи сапарынан кийин экинчи аялдамасы болсо Түндүк Кипр Түрк Республикасы болгонун билдирген. Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйындагы билдирүүсүндө: «Кипр улуттук дообуз болуп саналат, Кипрде адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жолдун табылышы да максатыбыз. Түркия кипрдик түрктөрдүн Кипрдин Рум мамлекетинде азчылык абалына айландырылышына эч качан уруксат бербейт»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия Эфиопия-Эритрея карым-катнаштарынын нормалдашуусуна ыраазы» деген маалыматында тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөн эки коңшу өлкө Эфиопия менен Эритреянын ортосунда кол коюлган биргелешкен декларацияны Түркия ыраазычылык менен кубаттаганын билдиргенин жазган.

«Стар» гезити «АТАК тик учарлары НАТО саммитинде шоу көрсөтөт» аттуу маалыматында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде 11-12-июлда өтө турган НАТО саммитинде, арасында түрк тик учарлары да болгон 20 аскердик тик учардын абадан учуусу менен баштала турганын билдирген.  

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны өстү» деген маалыматында Түрк аба жолдорунун июнь айында жалпы жүргүнчү саны жылдык 10,6 пайыз өсүп 6 миллион 300 миңге жеткенин билдирген.



Тектеш кабарлар