Түрк басма сөзү-16.05.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү-16.05.2018

«Сабах» гезити «Эрдоган: Нетаньяхунун колунда палестиндердин каны бар» аттуу маалыматында, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын расмий Твиттер барагы аркылуу бөлүшкөн билдирүүсүндө «Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун колунда палестиндердин каны бар жана кылмыштарын Түркияга кол салып жашыра албайт»,-деп жазганын баяндаган. Эрдоган: «Нетаньяху, коргоосуз элдин жерлерин БУУнун токтомдорун бузуп 60 жылдан ашуун убакыттан бери басып алуу астында кармаган апартеид (жикчил)мамлекетинин премьер-министри болуп саналат»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Тынчтыкты балталоо» аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырымдын Анкарада берген билдирүүсүндө, «АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүшүн тынчтыкты балталоо катары көрүүдөбүз жана кабыл алынгыс. Бул чечим биз үчүн жокко эсе. Американын элчилигинин ачылышы, мусулман каны төгүлгөн бир күн катары тарыхка катталды. Ченемсиз күч колдонуп террорду жүргүзгөн Израилдин блокада жана күч колдонуу саясаттарын айыптайбыз, наалат айтабыз»,дегенин берген.

«Стар» гезити «Мурдагы Тунистин президенти: «Арабдар Кудс темасында Түркиядан үлгү алышсын» деген маалыматында Тунистин мурдагы президенти жана Демократиялык төңкөрүштөрдү жактоочу араб кеңешинин төрагасы Мунсиф Марзуки Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдоганга жана түрк калкына позициясынан улам, өздөрүн жактаганынан улам ырахматын айтып, «Араб өкмөттөрүнө эң жок дегенде позицияга ээ болууларын сунуштаймын, бул темада Түркиядан үлгү алышсын», дегенин баяндаган.

«Ватан» гезити «Түркияга келе жатышат» деген маалыматында Орусиянын Федералдык туризм агенттигинин (Ростуризм) Эмгекчилердин эл аралык майрамы жана Жеңиш майрамынан улам май айынын башында белгиленген эс алуу мезгилинде Орусиянын жарандарынын эс алуу  үчүн Түркияны тандаганын жарыялаганын жазган. Агенттиктин маалымдаганына караганда Орусиянын жарандарынын эс алуу тандоолорунун көрсөткүчүндө 52,3 пайыздык үлүш менен Түркиянын чоң айырма менен алдыда турганы орун алган.

«Хабер түрк» гезити «Дүйнөнү кыдырууга чыккан ири кеме Кушадасында» деген маалыматында Дүйнөнү кыдыруу үчүн жол тарткан Мальта желеги илинген «Azamara Journey» кемеси 850 жүргүнчүсү менен Айдындын Кушадасы районундагы Эгей порт портуна жанашканын жазган. Жүргүнчүлөрүнүн бир бөлүмү тур автобустары менен Эфес байыркы шаары жана Мариям Эне үйүнө өтүшсө, шаар борборун кыдыргандар базарларда соода кылууну тандашты.



Тектеш кабарлар