Түрк басма сөзү 15.05.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

971238
Түрк басма сөзү 15.05.2018

«Йени шафак» гезити «Президент Р. Т. Эрдоган : «Израиль террор мамлекети» деген маалыматында Президент Эрдогандын Израиль күчтөрүнүн Газада АКШнын элчилигин Тель Авивден Кудска көчүрүшүнө каршы митингге чыккан палестиналыктарга ок атып, ондогон жаранды өлтүрүшүнө каршы чыккандыгын жазган. Эрдоган : «Израилдин кылганы геноцид. Израиль бир террордук мамлекет»,- деди. Британиянын борбор шаары Лондондо түрк студенттер менен жолугушкан Эрдоган Түркиянын Пааестинанын жанында туруу боюнча чечкинүү экендигин белгилеп : «Бүгүнкү күндүн ислам дүйнөсүнүн Кудсту жоготкон күн болушуна уруксат бербейбиз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Бекир Боздаг : Кудс көз карандысыз Палестианын борбор шаары» деген кабарында вице  - премьер жана өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг баскынчы Израиль аскерлеринин тынчтык митингин өткөргөн куралсыз ондогон палестиналыкты өлтүрүшүнө катуу каршылык көрсөткөндүгүн жазган. Боздаг кечээки кыргындын  тарыхка кандуу бир дүйшөмбү катары өтөрүн белгиледи. АКШнын эл аралык түзөтүүлөрдү жок санап элчилигин Кудска көчүрүшү менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин дароо кыймылга өтүшү керектигин белгилеген Боздаг ислам өлкөлөрү да ташталган бул кадамга каршы бирдикте кыймыл кылышы керек»,- деди.

«Ватан» гезити «АКШнын арачылыгы эми бүттү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кудста болгон Израиль кыргынында чоң провакацияга кол койгон АКШнын мындан кийин кааласа да Израиль  - Палестина маселесинин чечилишинде арачылык кыла албай тургандыгын айткандыгын жазган. Чавушоглу АКШнын элчилигин Кудска алып барышы тууралуу : «Бир тараптан музыканын коштоосунда ачылуу, бир тарапта кыргын. Экөөсү тең бир жерде болуп жатат»,- деди. Чавушоглу : «Израиль күчтөрү аёсуз түрдө  чыныгы октор менен атып жатышат. Мамлекет террору бар, бул бир кыргын»,- деди.

«Сабах» гезити «Стамбулда Кудс үчүн митинг» деген маалыматында Стамбулдун Бейоглу районунда чогулган миңдеген киши АКШнын Тель Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүүсүнө каршы  митингге чыкканын жазган. Палестиналыктар үчүн «Чоң апаат» деп аныкталган Накба күнүндө АКШнын Тель Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүшүнөн улам жарандык коом мекемелери Тунель аянтында чогулушту. «Кудс мусулмандардыкы» деген плакаттар менен Галатасарай аянтына карай жүргөн топ Израиль жана АКШга каршы ураандарды жаадырышты. Жарандык коом мекемелери митингдерин Рамазан айында да улантуу чечимин чыгарды.

«Стар» гезити «18 триллион долларды башкарган банк, фонд жана фирмаларга Түркиядан инвестиция салуу боюнча чакыруу» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдогандын Лондондо глобалдык базарларга багыт берген 18 триллион долларды башкарган чоң инвесторлор менен жолугушкандыгын жазган. Жыйынга араларында Citigroup, Credit Suisse, Deutsche Bank, Goldman Sachs, JP Morgan, Morgan Stanley, Rabobank, BlackRock International, Bluebay Asset Management, Fidelity International да болгон 25 фирма жана фонддун өкүлү болгон жогорку мартабалуу башкаруучу катышты. Эрдоган Түркияда 3 миңден ашуун англис фирманын иш алып баргандыгын белгилеп, чет элдик инвесторлор үчүн маанилүү колдоо беришкендерин айтты. Колдоо программалары үчүн даярданышкандарын белгилеген Эрдоган жергиликтүү жана чет элдик инвестициянын ортосунда эч бир бөлүүчүлүктүн жок экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар