Түрк басма сөзү-22.02.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

916021
Түрк басма сөзү-22.02.2018

«Сабах» гезити «Эрдоган: «айдоочусуз жүрүүчү танк жасалып чыгат» аттуу маалыматында Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын айдоочусуз жүрүүчү танкаларды да чыгара турган абалга келе турганын айтты. Президент Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» маданият жана конгресс борборундагы 11-Өнүгүү планын таанытуу жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, «Айдоочусуз жүрүүчү танкаларды да жасап чыгаргыдай абалга келишибиз керек. Муну да кылабыз. Андай нерселерди ойлобойбуз. Бир топ куралдарыбызды чыгаргыдай абалдабыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Премьер-министр пайыз жана инфляция менен жапырт күрөшүүгө чакырды» аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым Чанкая сарайында өткөн Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEİK) жыйналышында пайыз жана инфляция менен жапырт күрөшүүгө чакырганын баяндаган. Өкмөт башчы Йылдырым, пайыз жана инфляция темасында кол кармашып күрөшүү керектигине көңүл буруп, инфляциянын 7 пайыздын астына түшүрүлүшү керектигин айтты.

«Ватан» гезити «Түркиянын калкынын саны 2040-жылы 100 миллион кишиден ашат» аттуу маалыматында Түркиянын калкынын саны 2040-жылы 100 миллион кишиден аша турганы күтүлгөнүн маалымдаган.Түркиянын статистика мекемесинин «Калктын санынын баамдалышы 2018-2080» аттуу изилдөөсүнүн жыйынтыктары жарыяланды.Түркиянын статистика мекемесинин жарыясында, «Түркиянын калкынын саны 2040-жылы 100 миллион кишиден аша турганы күтүлүүдө»,делди.

«Хабер түрк» гезити «Йигит Жан Йылмаз Apple фирмасында ардак тизмесинен кийин ыраазычылык тизмесине да кирди» аттуу маалыматында Кахраманмарашта жашаган жана Apple фирмасынын айрым процедураларындагы коопсуздук кемчилигин белгилеген 16 жаштагы лицей окуучусу Йигит Жан Йылмаздын фирманын ардак тизмесинен кийин эми ыраазычылык тизмесине киргенин баяндаган.  Йылмаз, Apple колдонуучуларынын жаман ниеттүү кишилер тарабынан тузакка түшүрүлүп алданбашы үчүн эмгектерди кылганын айтты.

«Хүррийет» гезити «Түрк сериалдары Сомалиде туу чокуга чыкты» деген маалыматында Катар борборлуу «Аль-Жазира» телеканылынын Сомалиде акыркы мезгилде түрк сериалдарынын популярдуулугун иликтегенин жазган. «Йешилчам, Сомалиде Голливуд жана Болливудду артка калтырды» деген тема менен берилген кабарда Сомали калкынын түрк сериалдарына кызыгуусу артканына көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар