Түрк басма сөзү-16.01.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

889737
Түрк басма сөзү-16.01.2018

«Йени шафак» гезити «Эрдоган; эми жаңы Түркия бар» аттуу маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдогандын Синжанда Казан Сода электр энергиясын өндүрүүчү ишкананын ачылыш аземине катышканын жазган. Президент Эрдоган, бул жердеги сөзүндө Түркиянын 2023-жыл максаттарына жете турганын айтып, «23,5 миллиард доллардык Эл аралык Валюта фондуна (IMF) карыз менен алдык бул өлкөнү. 2013-жылы IMFке карызыбызды жойдук. IMF бизден карыз алып жатат. 150 миллиард доллардык валюта резервине жетебиз. Түркия мурдагы Түркия эмес, эми жаңы Түркия бар»,-деди.

«Сабах» гезити «Премьер-министр Йылдырым; АКШ бул жаңылыштыктан баш тартышы керек» аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырымдын Анкарада АКШнын террор армиясы провокациясына катуу каршылык көрсөтүп, «Эч бир түзүмгө уруксат бербейбиз. АКШ террор уюмдарына ачык эле колдоо көрсөтүүдө. Мунун түшүнүгү террордук уюмдардын аркасынан Түркияга душмандык кылуу болуп саналат. Коркунуч кимден келсе келсин каныбыздын акыркы тамчысына чейин өлкөбүздү коргойбуз. АКШ бул жаңылыштыктан баш тартышы керек»,-деп айтканын берген.

«Стар» гезити «Лавров АКШга каршылык көрсөттү» деген маалыматында АКШнын жикчил террор уюму ПКК/ПЙД элементтери менен жалган армия куруу аракетине Орусия дагы каршы чыкканын жазган. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШнын бул аракетинин Сириянын жеринин бүтүндүгүнө зыян тийгизе турганы эскертүүсүн кылып, «АКШдан бул темада кеңири маалмат күтүүдөбүз»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити «Секунд сайын рекорд» аттуу маалыматында өнөр жай сектору 2017-жылдын октябрь айында 5 миллион 470 кишилик жумушчу күчү менен тарыхый рекордго жетишкенин маалымдаган. Өзгөчө жумуш орунун камсыздоо менен өндүрүш өнөр жайындагы жумуш орундарынын артышы жумушчу күчүнүн сапаты жагынан да маанилүү. Жумушсуздук көрсөткүчү болсо төмөндөп баратат, 2017-жылдын октябрь айында жумушсуздук көрсөткүчү 10,3 пайызга төмөндөдү.

«Ватан» гезити «Муздан жасалган айкелдерди кыдыргандар көбөйдү» деген маалыматында Антальядагы Аквариумдун ичиндеги Кар дүйнөсү көңүл ачуу борборунда даярдалган «Муздан жасалган айкелдер музейи» жергиликтүү жана чет элдик жүздөгөн туристти тартууда экенин жазган. Адам фигуралары, чиркөө жүрөктүү сүйүшкөндөр бурчу, туулган күн бурчу, падышанын тактысы жана ар башка жаныбарлардын фигуралары чагылдырылган муздан жасалган айкелдер, балдардан баштап бардык катмардын жактыруусуна ээ болууда.



Тектеш кабарлар