Түрк басма сөзү-16.11.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

849204
Түрк басма сөзү-16.11.2017

«Хабер түрк» гезити  «Түркия менен Катар 10 келишимге кол койду» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия жана Кувейтке жасаган сапарларынан кийин Катарга барганын жазган. Катардын эмири шейх Тамим Бин Хамад Эл-Сани тарабынан расмий салтанат менен тосулган президент Эрдоган, Эл-Сани менен Катардын Эмирлик кеңешинде өз алдынча жолугушуу өткөрдү. Түркия-Катар Жогорку стратегиялык комитетинин 3-жыйналышынан кийин болсо кол коюу аземине өтүлдү. Президент Эрдоган жана Катардын эмири Эл-Сани да катышкан аземде Түркия жана Катардын ортосунда 10 келишимге кол коюлду. Аземде борбордук банк тармагында меморандум, туризм тармагында кызматташтык меморандуму, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн арасында укуктук жана юридикалык кызматташтык келишими, азык-түлүк коопсуздугу тармагында меморандум, Түркия радио телеберүү мекемеси (ТРТ) менен Катардын Медиа мекемесинин (QMC) ортосунда кызматташтык протоколу, Түркия илимий жана технологиялык изилдөө мекемесинин (TÜBİTAK) компьютердик программа коопсуздугу жана маалымат коопсуздугу боюнча өнүккөн технологияларды изилдөө борбору (BİLGEM) менен Катардын мамлекеттик Катар университетинин ортосунда изилдөө меморандуму, Гуманитардык жардам тармагында меморандум менен биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.

«Йени шафак» гезити «Жергиликтүү автомобилде максат глобалдык ийгилик» аттуу маалыматында илим, өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлүнүн жеке менчик бир телеканалда күн тартип тууралуу баа берүү жасаганын жазган. «Прототиби жаралгандан кийин буюртма алабыз» деген Өзлү: «Глобалдык ийгиликти максаттап жатабыз. Дүйнөлүк автомобиль чыгарылат. Автомобиль өнөр жайындагы өзгөрүү Түркия үчүн мүмкүнчүлүк. Марка белгилеш үчүн азырынча эрте, долбоорду чийели базарга ийгиликти көрсөтөлү. Ат коюу жагынан эң сонун ат табылат»,-деди.

«Сабах» гезити «Жумушсуздукта жүздү жылмайткан сан» аттуу кабарында Түркиянын статистика мекемеси август айы тууралуу жумушчу күчү көрсөткүчтөрүн жарыялаганын баяндаган. Ага караганда Түркиянын жалпысында 15 жана андан жогору жаштагыларда жумушсуздук саны август айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 89 миң кишиге азайып 3 миллион 404 миң киши болду. Ошол эле мезгилде жумушсуздук көрсөткүчү 0,7 баллга азайып 10,6 пайызды түздү.

«Стар» гезити «Улуттук Хүржет алгачкы учуусун 2022-жылы аткарат» аттуу маалыматында Түркия авиация тармагында орчундуу каалгадан дагы ашып өтүүнү калаганын белгиледи. Жаңы муундагы негизги билим берүү учагынын Хүркуштун реактивдүү верисиясын чыгаруу максатталып жатканын маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Перилердин ийгилиги» деген маалыматында А улуттук курама айымдар баскетбол командасынын Анкара спорт залында 2019 Европа чемпионатынын тандоо оюндарынын В тайпасында Польшаны тосуп алып 73-53 упай менен жеңип алып, эки оюнда тең утушка жетишкенин жазган.



Тектеш кабарлар