Түрк басма сөзү-14.11.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү-14.11.2017

«Хабер түрк» гезити «Саясий чечим табуу макулдашуусу» аттуу маалыматында Орусиянын Сочи шаарында жолуккан президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сирия тууралуу сүйлөшкөндөрүн жазган. Эки лидер чечим табуу темасында билдирүүлөрүн айтышты. Президент Эрдоган, жолугушуудан кийин, «Сириядагы жаңжал тууралуу акыркы кырдаалды талкуулоо мүмкүнчүлүгүн таптык. Келип жеткен жерде саясий чечим табууга токтоло турган жерге жеттик»,-деп айтты. Путин болсо:«Сирияда саясий чечим табууга колдоо көрсөтүү жагынан урматтуу президент Эрдоган менен бирдей пикирдебиз»,-деди.

«Стар» гезити «Премьер-министр Йылдырым, Ирандын президентинин биринчи орун басары Жихангири менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү» аттуу кабарында өкмөт башчы Бинали Йылдырымдын Ирандын президентинин биринчи орун басары Исхак Жихангири менен телефондогу сүйлөшүүсүндө Ирактын Иран чек арасына жакын жеринде болгон жер титирөөдө каза тапкан Ирандын атуулдары үчүн кайраттуу болуу тилектерин билдиргенин баяндаган. Премьер-министрликтин маалымат борборунан алынган маалыматка караганда кыйын күндө Иранды колдогондорун билдирген Йылдырым, муктаждык болгон учурунда Түркиянын жардам берүүгө даяр болгонун белгиледи. Жихангири болсо телефондогу сүйлөшүү үчүн премьер-министр Йылдырымга ыраазычылыгын билдирип, муктаждык болгон учурда маалымат бере тургандарын айтты.

«Хүррийет» гезити «2050-жылы дүйнөнү башкара турган принциптер белгилүү болду. Түркия алптарды артка калтырат» деген маалыматында Салык текшерүү жана кеңешчилик кызматтары боюнча эл аралык фирмасы PriceWaterhouseCoopers (PWC) 2050-жылдарда дүйнөдөгү эң күчтүү экономикалардын кайсылары боло турганы жөнүндө божомолдорун жарыялаганын жазган. Сатып алуу күчү паритети боюнча жасалган тизмелөөдө Түркия 2050-жылы алдыңкы 10 өлкөгө катарлаш болот. Түркия көрсөткөн ийгилиги менен бир топ Европа өлкөсүн артка калтырды. Азайган өсүү, аз төрөлүү сыяктуу себептерден улам 2017-жылы дүйнөнү башкарган батыш өлкөлөрү 2050-жылга келгенде салыштырмалуу күчсүз абалга түшөт.

«Сабах» гезити «Барклайс Түркия үчүн өсүү божомолдорун жогорулатты» аттуу маалыматында Англия тектүү европа, Азия, Африка жана Бириккен Улуттар Уюмунда жана 60ка жакын өлкөдө 300 жылдан бери банкчылык жана финансы секторунда ишин жүргүзгөн, ошол эле убакта Англиянын Премьер лигасынын демөөрчүсү болгон дүйнөнүн алдыңкы финансы тобу фирмасы Барклайс, түркия экономикасы үчүн 2017 жана 2018-жылдардагы өсүү божомолдорун жогору багытта жаңылаганын маалымадаган. Барклайс өкмөт ишке ашырган насыя колдоолорунун финансылык шыктандыруулардын жана жогорку экспорттун таасири менен Түркиянын экономикасынын күчтүү өсүү трендине жетишкенин белгиледи. 2017-жыл үчүн Өлкө ичи дүң продукциясы жагынан өсүү күтүүсүн 5,2 пайыздан 5,9 пайызга жогорулаткан Барклайс, 2018-жыл үчүн өсүү божомолун 3,8 пайыздан 4,1 пайызга жогорулатты.

«Ватан» гезити «Атанын мурасы» аттуу маалыматында ардагер мустафа Кемал Ататүрктүн 1918-жылы 13-ноябрда Босфордогу баскынчы кемелерин көргөндө «Келгендери сыяктуу кетишет» деп айтып Боштондук согушунун алгачкы белгисин берген «Картал 2 « аттуу параходу музейге айландырылаарын баяндаган. Ардактуу эс алуудагы генерал-армия Жем Гүрдениздин эмгектери менен табылып чыгарылган параходго бир жылда рестоврация жасалат. Музей Ататүрктүн ошол сөзүнүн 100 жылдыгында ачылат.



Тектеш кабарлар