Түрк басма сөзү 31.07.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

780653
Түрк басма сөзү 31.07.2017

«Хүррийет» гезити «Анкарадан Мак-Геркке телефон» деген маалыматында Түркияны Идлибде террордук уюмдарга колдоо көрсөтүп жатканы менен күнөөлөгөн АКШнын ДЕАШка каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү Бретт Мак-Геркке Түркиянын Тышкы иштер министрлиги түздөн-түз телефон чалып каршылык көрсөткөнүн жазган. Телефон сүйлөшүүсүндө Мак-Герктен сөздөрүн оңдошу талап кылынды.

«Йени шафак» гезити «YEKA тендери 3-августта» деген маалыматында Шамал энергетикасынын жаңылануучу энергетикалык булактар тармагы (YEKA) үчүн өткөрүлө турган тендердин күнү 3-август бейшемби күнү деп белгиленгенин билдирген. Жаңылануучу энергетика директорлугунун интернет баракчасында орун алган жарыяга караганда, консорциумдар тарабынан өткөн жумада сунушталган кайрылуу документтери YEKAнын көзөмөлүндө каралып чыкты жана тендердин ага кайрылган бардык компаниялардын катышуусунда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылда. Түркиянын 5 башка аймагында жалпы 1 миң мегаваттык шамал энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн тендерге, өткөн жумада дүйнөдөгү эң чоң 10 шамал турбинасын чыгаруучу компаниянын 8и өз сунушун берген. Алардын арасында төрт немис, эки кытайлык, бир америкалык жана бир даниялык компания бар.

«Сабах» гезити «Депардье түрк кинолорун мактады» деген маалыматында Италиядагы «Corriere della Sera» гезитине маек куруп берген Жерар Депардье, быйыл 74чүсү өтө турган Венеция кинофестивалына саналуу күндөр калганы эске салынып жана «Учурда фестивалдар киного канчалык салым кошууда?» деген суроого: «Венеция менен Берлин кинофестивалдары Канндан дагы көп салым кошууда. Канн, баалуу таштар витринасы жана мода сахнасына айланды. Ал жерге окшош эле режиссерлорду, сценаристтерди чакырып жатышат. Ал эми бельгиялыктар сени уктатып салат. АКШлыктар болсо акылсыз. Бирок Түркия менен Кытайдан дагы деле кызыктуу кинолор тартылып жатат»,-деп жооп берди.

«Стар» гезити «Алтын балдар» деген маалыматында Самсунда өтүп жаткан Дүлөйлөрдүн Олимпиадалык оюндарында Түркиянын футбол боюнча эркектер командасы узартуу мөөнөтү менен 0-0 эсебинде аяктаган финалда Украинаны пеналтиде 4-3 эсебинде жеңип, чемпиондукка жетишкенин билдирген. Президент Режеп Тайип Эрдоган түрк командасынын чемпион болушунан улам Түркиянын ушул тармактагы спорттук федерациясынын төрагасы Якуп Үмит Кихтирди куттуктады.



Тектеш кабарлар