Түрк басма сөзү 16.05.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү 16.05.2017

«Сабах» гезити «Трамп менен орчундуу жолугушуу» аттуу маалыматында Кытайдагы жолугушууларын аяктаган президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн Вашингтонго аттанганын жазган. Эки лидер алгач ирет бүгүн Ак үйдө жолугат. Президент Эрдогандын папкасында АКШнын террор уюму ДЕАШ менен күрөшүп жатканын шылтоолоп жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГга оор куралдарды бергени, Ракка операциясы жана Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысынын кайтарылуусу боюнча делолор бар.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын имижди үчүн тер төгүшөт» деген маалыматында Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияга карата эл аралык кабылдоо/түшүнүктү түзөтүү үчүн Экономика министрлиги, Түркиянын экспортчулар ассамблеясы менен Түркиянын соода өнөр жай палата жана биржалары биримдигинин 27-мартта баштаган  жарнама өнөктүгүнө футболисттер да колдоо көрсөткөнүн маалымдаган. Антальяспордун капитан командасы Ето менен Галатасарайдын жылдыз футболчуларынан Подольски жана Снейдер, Түркиянын имиджине салым кошушат. Түркияда ойногон чет элдик футболчулар Новартис жана Нестл да өлкөнүн таанытуу өнөктүгүнө кошулууда. Анда Түркияда ишин жүргүзгөн  16 эл аралык фирманын башкаруучуларынын Түркия тууралуу пикирлери орун алат. Жарнама «Чет элдик досторубуздун тилинен Түркия... » деген сүйлөм менен башталат. Жарнама роликтери Германия, АКШ, Орусия, Англия менен катар Франция, Италия, Бириккен Араб Эмирликтеринде жарыяланат.

«Хүррийет» гезити «Жергиликтүү технологияга багытталууда» деген маалыматында 4.5G жана 5G технологияларын өнүктүрүү максаты менен 2015-жылдан бери чогуу иш алып барган Turkcell жана Huawei Түркияда биргелеше ар-ге мындайча айтканда изилдөө-өнүктүрүү иштерин илгерилетүү максаты менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө чечим чыгарганын жазган.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдорунан кубанычтуу жаңылык; тыюу салууга карабастан 49 миң киши учту» деген маалыматында арасында Стамбул да орун алган 8 өлкөдөгү 10 аэропорттон АКШга түздөн-түз сапар менен келе турган учактарда 22-мартта башталган ишке ашыруу менен жүргүнчүлөрдүн учакка чөнтөк телефонунан чоң электрондук шайман алып кирүүсүнө тыюу салынганын баяндаган. Тыюу салуунун башталышы менен Түрк аба жолдорунун жүргүнчү санында төмөндөө күтүлүп жатканда тескериси болду. Түрк аба жолдорунун Стамбулдан Нью-Йоркко каттамдарында жүргүнчү саны апрель айында 2,5 пайызга өсүү көрсөтүп 49 миң кишиге жеткен.

«Йени шафак» гезити «Дүйнө жүзү Түркиянын сериалдарына кызыгууда» деген маалыматында акыркы жылдарда атагы чыга баштаган түрк сериалдарынын Жакынкы Чыгыш, Балкан өлкөлөрү жана Түштүк Америка менен башталган экспорт жол тартуусу эми болсо Индия жана Сингапурга жетти. Күчтүү экономикалык потенциалга ээ болгон Индиянын Болливуд деп аталган сериал жана кино тармагында түрк сериалдары көрсөтүлө баштады.Болливудда атагы чыккан түрк сериалдарынын саны 1ден 7ге жетти.



Тектеш кабарлар