Түрк басма сөзү-26.07.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

538212
Түрк басма сөзү-26.07.2016

«Хүррийет» гезити «Ушундай уланткыла» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПМТ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин кечээ премьер-министр Бинали Йылдырым,  Республикалык элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу жана Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели менен лидерлер жыйынын өткөргөнүн жазган. Кылычдароглу жана Бахчели алгач ирет сарайга барган тарыхый жыйын Эрдогандын башчылыгында 3 партияны тең алгач ирет жолугуштурду. Эки саат 40 мүнөттүк жыйындан орток маселелерге каршы саясий диалог механизмин таасирдүү колдонуу токтому чыкты.

«Хабер» түрк гезити «Чавушоглу: Гүлен качышы мүмкүн» аттуу маалыматында Тышкы иштер министри Мелүт Чавуштоглу 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийинки абалдарды Хабер Түрк ТВде түз эфирде талкуулаганын жазган. Төңкөрүш аракетинин артында Фетхуллахчы террор уюму паралель мамлекет түзүмү(ФЕТӨ/ПМТ) болгонунун талашсыз экенин баса белгилеген тышкы иштер министри Чавушоглу, Фетхуллах террор уюму (ФЕТӨ)/ параллель мамлекет түзүмүнүн (ПМТ) корбашчысы Фетуллах Гүлендин качуу аракетин кылганына карата АКШнын жооптуу кызматтагыларын эскертти.

«Сабах» гезити «Түркия 7ден 70 жашка чейин демократия нөөмөтүндө» аттуу маалыматында демократия нөөмөттөрү 10чу күнүндө да суюлбай уланганын маалымдаган. Чыгыштан батышка түндүктөн түштүккө чейин 100 миңдеген атуул аянттарда демократия нөөмөтүнө катышууда. Аянттардагы демократия нөөмөтүндө кубануу бар. 100 жаштагы чоң энеден баласын кучагына алган энеге, Түркиядагы чет элдиктерден министрлерге чейин 100 миңдеген киши аянттарды толтурууда.

«Стар» гезити «Түрк куралдуу күчтөрүнүн тазаланышы Түркияны күчтөндүрөт» аттуу маалыматында президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Нью-Йорк Таймаста жазган «Төңкөрүш аракетин кылган лидер жооп бериши керек» аттуу макаласында Түрк куралдуу күчтөрүндөгү чыккынчылардын тазаланышынын Түркияны дагы күчтүү кыла турганын айтканын баяндады.

«Ватан» гезити «Биржа Стамбул 100 индекси эң көп жогорулаган биржа болду» аттуу маалыматында жуманын алгачкы күнүндө биржа жогорулоосун улантып, доллар кунун жоготконун маалымдаган. Биржадагы жогорулоо 3 пайыздан ашса, доллар 3,02 пайызга чейин кунун жоготту. БИСТ 100 индекси ушундайча глобалдык акциялардын көрсөткүчтөрү арасында эң көп жогорулаган индекс болду.



Тектеш кабарлар