Түрк басма сөзү 21.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

102151
Түрк басма сөзү 21.06.2014

“Хабер түрк” гезити “3-көпүрөнүн тирөөчтөрү 245 метрден ашты” аттуу кабарында өткөн жылы салына баштаган 3-Көпүрө жана Түндүк Мармара автожолу проектинде иштер ылдам жүрүп жаткандыгын баяндаган.
Гезит жалпы узундугу 320 метрге жете турган көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн улам жогорулап баратканын маалымдаган. Кабарда Стамбулдан эки жээгинен тең көрүнөп турган көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн бийиктиги 245 метрден ашканы, учурда 5 миң 500 киши иштеп жаткан проектте иштегендердин саны келээрки айда 8 миңге жетиши күтүлгөндүгү белгиленген.
“Миллийет” гезити “Түркиянын мергенчи мылтыгы уурдалды” аттуу кабарында Франциянын борбор шаары Парижде 18-20-июнь күндөрүндө өткөрүлгөн жана Түркиядан 11 фирма катышкан "Eurosatory" жарманкесинде Машина химия интустрия мекемесинин кызматкерлеринин үрөйү учканын баяндаган.
Гезит “Бора-12” аттуу снайпер мылтыгы Машина химия интустрия мекемесининин стендинен уурдалып кеткенин жазып чыкты.
Машина химия интустрия мекемесинин кызматкерлери кулпуланган коопсуз кабинада көргөзмөгө коюлган мылтыктын атайын бир алты бурчтук ачкыч колдонулуп уурдалганын белгилешкенин жазган гезит, диаметри 7,62 мм жана 1200 метр алыстыкка ата алган көзгө атаар мергендин мылтыгы болгон “Бора-12” жүз пайыз түрк чыгарылышы экендигин маалымдаган.
Бора-12ни уурдаган киши бул куралды колдоно албайт, анткени жооптуулар куралдын окту учуруучу тетигинин тагылуу болбогонун айтышкан.
“Сабах” гезити “Амасрада 50 миллиард доллардык көмүр резерви экономикага киргизилет” деген кабарында Амасрада жер астындагы байлыктардын белгилениши үчүн жасалган изилдөөлөрдө 700 миллион тонна көмүр резерви табылганын билдирген.
Гезит көмүрдүн чыгарылышы менен экономикага 50 миллиард доллардык киреше түшөөрүн жазган. Кабарда Энергетика жана кен иштетүү акционердик коомунун Амасра иштетүү директору Өлмез бул темага байланыштуу маалымат берип: “Көмүр өндүрүү үчүн ушул убакка дейре Амасрага 400 миллион доллар салдык, бул 2,5 миллиард долларга жетет. Жылына 10 миллион тонна көмүр чыгарууну пландап жатабыз”,-дегени орун алган.
“Хүррийет” гезити “Алтындын баалары 2,5 жумада 5,5 пайыз катнашында артты” деген кабарында эл аралык базарларда алтындын унций баасы Иракта башталган баш аламандыктын таасири менен 1322 долларга жогорулап, ушундайча акыркы эки жуманын ичинде алтын алгандарга 5,5 пайыз киреше туудурганын жазган.
Гезит ичкериде алтындын грамм баасы 83 лирадан 90 лирага жогорулаганын, бул өсүү алтын секторунун өкүлдөрүн да таң калтырганын жана бул өсүүнүн мунай зат бааларынын өсүүсүнө параллель баратканын маалымдаган.
“Йени шафак” гезити “Стамбул ТҮЙАПка даярданууда” деген кабарында “Кинобуздун 100 жылдыгы” деген теманын астында быйыл 33-жолу өткөрүлө турган Эл аралык Стамбул китеп жарманкесинин ардактуу жазуучусу Атилла Дорсай болоорун кабарлаган.
Гезит ТҮЙАП жарманке жана конгресс борборунда 8-16-ноябрь күндөрүндө өткөрүлө турган иш-чара боюнча Дорсайдын өмүр баяны, эмгектери жана чыгармаларынан тандалмаларды камтыган көргөзмө даярдалаарын маалымдаган.
Жарманке убагында панелдер менен катар бир топ иш-чаралар өткөрүлөт.
33-Стамбул китеп жарманкеси, 24-Стамбул Санат жарманкеси-АРТИСТ-2014 менен бир убакта өткөрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар