Түрк басма сөзү 16.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

97053
Түрк басма сөзү 16.06.2014

«Йени шафак» гезити «Бул абал секталык согушка чейин барат» аттуу кабарында Иракта түркмөндөр жашаган Телафардын Ирак аль-Шам Ислам мамлекети (IŞİD)террордук уюмдун мүчөлөрү тарабынан курчалуусуна «жеңил болбойт» деп айткан премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын секталык октун чагымчылык менен Ирактын ар тарабына жайылганын баса белгилегенин жазган.
Гезит Эрдогандын: «Бул Ирак аль-Шам Ислам мамлекети (IŞİD)террордук уюмдун окуясы болуудан да ашып түштү. Ушул убакта секталык кагылышууга, балким секталык согушка айланып кетиши мүмкүн»,-дегенине көңүл бурган.
Ошол эле гезит «Борбордук Африкага үмүт алып бардык» аттуу кабарында Премьер-министрликке караштуу апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы менен Гуманитардык жардам платформасынын Борбордук Африка Республикасында болгон окуялардан кийин Чад жана Камерунга баш калкалаган качкындарга жиберген жардам материалдарынын ээлерине жеткенин баяндаган.
«Акшам» гезити «Төңкөрүш кылдыңыз дүйнөгө түшүндүргүлө» аттуу кабарында премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын Трабзондо АКШлык медиа магнаты Майкл Блумберг менен жоулугшканын жазган.
Гезит Түркиянын акыркы 12 жылда мамлекеттин чыңдалуусу, жол коопсуздугу сыяктуу бир топ тармакта төңкөрүштөрдү жасаганын айткан Блумбергдин: «Тажрыйбаларыңызды дүйнө жүзү менен бөлүшүүңүздөр керек»,-дегенин баяндаган.
«Стар» гезитинин экономика барагында «Автомобилдин ачкычын аялдар алып кетишти» деген кабарында аялдардын Түркияда дагы дүйнөдө дагы автомобил секторунун олуттуу максат массасы абалына айланганын баса белгилеген.
Гезит автомобиль маркаларынын рекламаларынан сатуу жана соодалоо стратегияларына чейин «аял клиенттерге» алдыңкы орунду бергени көңүлдү бурууда. Кабарда Түркияда аялдардын автомобилге ээ болуу катнаштарынын 30 пайыз деңгээлине жеткени белгиленген.
«Сабах» гезити «Курулуш биринчи чейректе мега проекти менен 5,2 пайыз өстү» аттуу кабарында Түркияда курулуш секторунун жылдын биринчи чейрегинде 5,2 пайыз өскөнүн белгилеген.
Гезит өсүүдө 3-көпүрө жана 3-аэропорт сыяктуу ири проекттердин таасирдүү болгону баса белгиленген. Кабарда Түркия курулушчулар биримдигинин төрагасы Митхат Йенигүндүн курулуш секторунун өсүү ылдамдыгынын 1999-жылдан бери Өлкө ичи дүң продукциянын өсүү сызыгы менен маанилүү өлчөмдө параллелдик көрсөткөнүн айтканын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар