Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1916 - жылы 1916 - жылы Седдүлбахир согуштары аяктады. Седдүлбахир Чанаккале согушунун акыркы жана эң чоң согуштарынан.
*** 1936 - жылы 9 - январда Анкара университетинин тил жана тарых, география факультети Ататүрк катышкан бир азем менен билим бере баштады. Аземде сөз сүйлөгөн билим берүү министри Саффет Арыкан : «Чиригендей көрүнгөн дүйнөлүк маданиятын кайрадан жарата турган түрк балдары»,- деди.
*** 1951 - жылы БУУнун борбордук штабы ачылды. Нью – Йоркто жана АКШ территориясынын ичинде болгондугуна карабастан БУУнун башкы штабы колдонгон аянттар жергиликтүү, аймактык жана федералдык мыйзамдарга караштуу болуу менен эл аралык жер катары саналды.
*** 1900 - жылы 9 - январда Египетте Каир темир жолу бүткөрүлдү жана биринчи поезд кызматка кирди.
*** 1991 - жылы ушул күнү коомдук унааларда тамеки тартууга жана тамекинин рекламаларына тыюу салынды.