Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1920 - жылы 12 - январда 23 мамлекет Азербайжан республикасын расмий түрдө таныгандыгын жарыялады. 1918 - жылы Азербайжан Улуттук кеңеши тарабынан жарыяланган Азербайжан демократиялык республикасын Орусия кабыл алган эмес.
*** 1940 - жылы 12 - январда 2 - дүйнөлүк согушунда Орусия Финландияны бомбалай баштаган. Бул чабуул менен советтик күчтөр немис территориясына чейин кирген.
1999 – жылы бул күнү 19 Европа өлкөсү адамдарды клондоого тыюу салуу тууралуу келишти. Адамдын генетика жактан копяланышына тыюу салган келишимге Парижде кол коюшту.
*** 2006 - жылы 12 - январда Сауд Арабияда шайтан таштоо учурунда чыккан кырсыкта 362 ажы талапкери каза болуп, көп сандаган киши жараланды.
*** 1923 - жылы 12 - январда Парижде Пастер институтунда тетенозго каршы суюктук чыгарылды.
*** 1915 - жылы 12 - январда АКШ өкүлдөр парламенти аялдардын да добуш берүүсү тууралуу мыйзам сунушун четке какты.
*** 1951 - жылы бул күнү Эл аралык геноцид кылмышын алдына алуу жана жазаландыруу келишими ишке кирди.
*** 2010 - жылы Гаитиде 7 баллдык жер титирөө болуп 30 - 50 миң арасында киши набыт болгон.