Галатасарай менен Сивасспор теңме-тең чыкты

Эки команда тең сөзсүз жеңишим керек деп чыккан оюн талаасынан бирден гана упайга ээ болушту.

1375018
Галатасарай менен Сивасспор теңме-тең чыкты

Түркиянын супер лигасынын 25-аптасында Демир груп Сивасспор менен Галатасарайдын ортосунда болгон беттешүү 2-2 болуп теңме-тең бүттү.

Эки команда тең сөзсүз жеңишим керек деп чыккан оюн талаасынан бирден гана упайга ээ болушту.

Сивасспордун голдорун Хакан Арслан жана Эмре Кылыч, Галатасарайдын голдорун болсо Фалкао жана Фигули киргизди.

Эки команданын тең упайлары 49 болуп Галатасарай тизменин үчүнчү, Демир груп Сивасспор болсо төртүнчү орунда жазылды.

Мындан мурда эки жолу удаама-удаа тогуз оюнду жеңген сары-кызыл түстүү команда, бул рекордун жаңылоо үчүн чыккан Сивас беттешүүсүндө ойлогонуна жете алган жок.

Сивасспор, бул сезондо ички аянттагы 13-беттешүүсүндө дагы жеңилген жок жана лигада үйүндө утулбаган жалгыз команда наамына ээ болду.

Галатасарайдын оюнчусу Фигули кечээ сары-кызыл форма менен 100чү оюнун ойноду.



Тектеш кабарлар