Улуттук жаачылар дүйнөлүк жылдын спортчусу болуп тандалды
Улуттук жаачылар Мете Газоз жана Ясемин Анагөз, өз категорияларында дүйнөлүк жылдын спортчулары болуп тандалды.
Улуттук жаачылар Мете Газоз жана Ясемин Анагөз, өз категорияларында дүйнөлүк жылдын спортчулары болуп тандалды.
Түркиянын жаа атуу боюнча федерациясынын билдиргенине караганда Дүйнөлүк жаачылык федерациясы тарабынан жыл сайын өткөрүлгөн жана интернет добдуш берүүсү менен белгиленген жылдын спортчусу сыйлыгынын ээлери белгиленди.
Классикалык жаа атуу боюнча эркектерде Мете Газоз, айымдарда болсо Ясемин Эжем Анагөз жылдын спортчусу сыйлыгына ылайык көрүлдү.
Мете Газоз, өткөн жылы Европанын жаштар чемпионатында үч алтын медалды жеңип алса, Дүйнөлүк кубоктун 4-бөлүмүндө Жер Ортолук деңиз оюндарында жана Европанын гран при таймаштарында мөөрөйдү эч кимге алдырган эмес.
Ясемин Эжем Анагөз болсо Польшанын Легника шаарында болгон Европа чемпионатында алтын медалды жеңип алып атынан кеп кылдырган.
Эки улуттук спортчу, айрыкча 2018-жылы жетишкен рекорддору менен да күн тартипке келген.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.